AVN







ЖАШ ПЕДАГОГДОР ЖУМУШ МЕНЕН КАМСЫЗ БОЛУШТУ

ЖАШ ПЕДАГОГДОР ЖУМУШ МЕНЕН КАМСЫЗ БОЛУШТУ
 May 17, 2021  584

Б.Осмонов атындагы  Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 2020-2021-окуу жылында педагогикалык  багыттагы  бюджеттик негизде билим алышкан  бүтүрүүчүлөрүн мектептерге бөлүштүрүү болуп өттү.  Бул иш чарага бүтүрүүчүлөрдү жумушка бөлүштүрүү боюнча комиссиянын курамы жана Жалал-Абад областык билим берүү усулдук борборунун директорунун орун басары А.Т.Гуламов, Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн өкүлү С.Турганбаева, Таш-Көмүр шаарынын билим берүү бөлүмунүн жетектөөчү адиси Асылбек кызы Жыпаргүл, Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси В.Исмаилова, Майлуу-Суу шаардык билим берүү бөлүмүнүн өкүлү Р.Акамбаева, Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлү К.Ажибаева, Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлү А.Орозкулов жана Жалал-Абад областынын ар кайсы райондорунан, шаарларынан келген мектеп директорлору катышты.

Жумушка бөлүштүрүү иш чарасын ЖАМУнун окуу иштери боюнча проректору т.и.д., проф. А.П.Алибаев ачып сөз сүйлөдү. Проф. А.П.Алибаев катышуучуларга университеттин шарты, бүтүрүүчүлөр боюнча маалымат берди жана бүтүрүүчүлөргө ак жол каалады. Ошону менен катар Жалал-Абад областык билим берүү усулдук борборунун директорунун орун басары А.Т.Гуламов, ЖАМУнун тарых кафедрасынын башчысы т.и.к., доцент Э.Абазов, биология кафедрасынын башчысы б.и.к., доцент К.Асанова, информатика кафедрасынын башчысы т.и.к., доцент Г.Маматова, Жалал-Абад шаардык билим берүү борборунун өкүлү С.Турганбаева, Ноокен районунун С.Ногоева атындагы орто мектептин директору М.Калмаматова, Жалал-Абад шаарынын №9 Р.Санатбаев атындагы орто мектебинин директору Б.Рустамовалар сөз сүйлөшүп бүтүрүүчүлөргө ийгилик каалашты.

          Жалал-Абад мамлекеттик университетин быйылкы окуу жылында  бюджеттик негизде педагогикалык багытта 230 бүтүрүүчү  аяктап жатат. Аталган иш чара боюнча маалыматты “Өндүрүштүк практика жана карьера” бөлүмүнүн башкы адиси Н.С.Жолдошалиева берди.

  • ЖАШ ПЕДАГОГДОР ЖУМУШ МЕНЕН КАМСЫЗ БОЛУШТУ
  • ЖАШ ПЕДАГОГДОР ЖУМУШ МЕНЕН КАМСЫЗ БОЛУШТУ