AVN







БҮГҮНКҮ ПРАКТИКАНТ-КЕЛЕЧЕКТЕГИ АДИС

БҮГҮНКҮ ПРАКТИКАНТ-КЕЛЕЧЕКТЕГИ АДИС
 May 17, 2021  495

Табигый-техникалык факультетинин Химия кафедрасынын окуу графигине ылайык Х-1-19 тайпасы 2021- жылдын 18-январынан 23-январга чейин үзгүлтүктүү,  1-февралдан 24-апрелге чейин үзгүлтүксүз үч жумалык адаптациялык практикасы жыйынтыктады. Студенттер  адаптациялык-педагогикалык практикасын өздөрү жашаган аймактагы жана шаардагы мектептерде офлайн форматында өтөп келишти.

Жыйынтыктоочу конференциянын  жүрүшүндө практика жетекчиси М.Э.Сатканкулова өз сөзүндө практика учурунда окуу графигине ылайык кафедрадагы жетекчилер тарабынан студенттерге методикалык жардамдар көрсөтүлгөнүн айтуу менен  Химия кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент  Н.Б Арстанбековага сөз берди. Ал  өз сөзүндө конференциянын ишине ийгилик каалады. Андан ары сөз алган ЖАМУнун өндүрүштүк практика жана карьера бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Н. С.Жолдошалиева студенттер берген отчетторун баалап, кийинки  практикаларында студенттердер тарабынан берилген сунуштарын эске аларын билдирип, каалоо тилектерин айтты.

Практика мезгилиндеги аткарылган иштердин жүрүшүнөн презентация жана айрым фрагменттерди көрсөткөн студент-практиканттар Алмазбек кызы Мээрим, Нусратова Венера, Кенжаева Мехрибону конференциянын катышуучуларынын кубаттоосуна ээ болду.

 Конференциянын жыйынтыгында Химия кафедрасынын профессордук –окутуучулук курамы студенттердин кийинки окууларына, изденүүлөрүнө ийгиликтерди каалашты.

  • БҮГҮНКҮ ПРАКТИКАНТ-КЕЛЕЧЕКТЕГИ АДИС
  • БҮГҮНКҮ ПРАКТИКАНТ-КЕЛЕЧЕКТЕГИ АДИС
  • БҮГҮНКҮ ПРАКТИКАНТ-КЕЛЕЧЕКТЕГИ АДИС
  • БҮГҮНКҮ ПРАКТИКАНТ-КЕЛЕЧЕКТЕГИ АДИС
  • БҮГҮНКҮ ПРАКТИКАНТ-КЕЛЕЧЕКТЕГИ АДИС