AVN







ТАЗА ЖАШОО, ТАЗА КООМ

ТАЗА ЖАШОО, ТАЗА КООМ
 May 17, 2021  653

Ишембилик – социализм мезгилинде жылына бир же эки жолу коомдун пайдасы үчүн жамаат түрдө өз ыктыяры менен  акысыз иштелген күн. Мурда, жөрөлгө алгачкы жолу башталган жылдары ишемби күнү гана иштелген. Ар ишемби күндөрү айлана-чөйрөнү жашылдандыруу  жана көрктөндүрүү  үч айлыгынын алкагында Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медициналык колледжинде да ишембилик өткөрүлүп  жатты.  Окуу жайдын айланасындагы бак дарактарды актоо, шыпыруу, тазалоо иштеринен  сырткары   таштандыларды терүү жумуштары аткарылды.    Медициналык колледжинин  ишембиликке активдүү катышкан окутуучулары Примкулова А, Өзгөнова Т, Балыбаева Ш, Жолдошев К, Темирбаева Г, Болотова Д, Юсупова Чолпонайлар жана офлайн сабакка келген студенттер ишембиликке  активдүү катышып жатышты. Медициналык колледжинин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Г.Темирбаева окутуучуларга, студенттерге түзүлгөн графиктин негизинде жерлерди бөлүп берип, колледждин айланасындагы таштандыларды тазалашып, бак-дарактарын акташып, жандуу изгороддорду буташып  жана Олимпийский,   Фабричная, Р.Азимова, А.Орозбаев, М.Ботбаев  көчөлөрүндөгү таштандыларды   теришип    иретке  келтиришти. Окуу жайдын жамааты жана студенттери “Таза жашоо – таза коом”  деген ураан менен  ар ишемби  күндөрү ишембиликке катышышып, мамлекеттин өнүгүшүнө, шаарыбыздын тазалыгына  аз да болсо өз салымдарыны кошушту.  

  • ТАЗА ЖАШОО, ТАЗА КООМ
  • ТАЗА ЖАШОО, ТАЗА КООМ
  • ТАЗА ЖАШОО, ТАЗА КООМ
  • ТАЗА ЖАШОО, ТАЗА КООМ
  • ТАЗА ЖАШОО, ТАЗА КООМ
  • ТАЗА ЖАШОО, ТАЗА КООМ
  • ТАЗА ЖАШОО, ТАЗА КООМ
  • ТАЗА ЖАШОО, ТАЗА КООМ
  • ТАЗА ЖАШОО, ТАЗА КООМ
  • ТАЗА ЖАШОО, ТАЗА КООМ
  • ТАЗА ЖАШОО, ТАЗА КООМ
  • ТАЗА ЖАШОО, ТАЗА КООМ
  • ТАЗА ЖАШОО, ТАЗА КООМ