AVN







КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВ - ЗАЛКАР АГАРТУУЧУ

КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВ - ЗАЛКАР АГАРТУУЧУ
 May 15, 2021  615

Б.Осмонов атындагы ЖАМУда Касым Тыныстановдун 120 жылдыгы белгиленди.

Окуу жай   Кыргыз  Республикасынын  Президентине караштуу  Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы менен биргеликте кыргыз тили илиминин жана кыргыз жазма адабиятынын негиз салуучусу, мамлекеттик ишмер Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына арналган "Касым Тыныстанов - залкар агартуучу" аталышындагы республикалык онлайн илимий-практикалык конференция өткөрдү.

Иш чарада республиканын кыргыз тили жана адабияты илимине зор салым кошкон илимпоздор баяндама жасашты. Мындай улуу, биздин тарыхыбызда опол тоодой орду бар инсандарыбызды эскерип, алардын аткарган иштерин кийинки муунга даңазалап туруу зарыл – дешет уюштуруучулар.

  • КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВ - ЗАЛКАР АГАРТУУЧУ
  • КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВ - ЗАЛКАР АГАРТУУЧУ