AVN







ЖАМУНУН СПАРТАКИАДАСЫНЫН АЧЫЛЫШЫ БОЛДУ

ЖАМУНУН СПАРТАКИАДАСЫНЫН АЧЫЛЫШЫ БОЛДУ
 Jan 10, 2018  938

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамы арасында  «Ден-соолук-2018»  аталышындагы спартакиада 8-январь күнү старт алды. Спорттук мелдеш бир жума бою жүрүп, 13-январда жыйынтыкталып, жеңүүчүлөрдүн аты аталат.

   Уюштуруучулардын айтымында оюнга беш факультет, эки колледж, админстрация жана тейлөө кызматкерлери катышууда. Ал эми таймашка 9 команда катышып, жалпы 360дан ашуун оюнчу күч сынашуда. Спартакиадада   алты спорттун түрү боюнча мелдеш жүрүүдө. Алар, тенис, волейбол, футбол, аркан тартыш, тогуз коргоол жана шахмат оюндары.  Ошондой эле алдынкы уч илтикке чыккан оюнчулар ЖАМУнун кубогу жана баалуу белектер менен сыйланат.

  Спорт кафедрасынын башчысы Өзгөн Доороновдун айтымында  оюндан жеңген команда ушул жылдын июнь айында Ысык-Көл облусунда өтүүчү “Ден-соолук – 2018” республикалык спартаиадасына жолдомо алат”-  деп билдирди ал.