AVN







БУХГАЛТЕРДИК КЕСИПТИН АЗЫРКЫ УЧУРДАГЫ ОРДУ

БУХГАЛТЕРДИК КЕСИПТИН АЗЫРКЫ  УЧУРДАГЫ ОРДУ
 May 12, 2021  672

Жалал-Абад коледжинин  экономикалык-юридикалык бөлүмүнүн экономика жана туризм  ПЦКсынын окутуучулары Г.Чекиргозова,Э.Калимбетова тарабынан уюштурулган  “Бухгалтердик кесиптин азыркы  учурдагы орду”деген аталыштагы  иш берүүчүлөр жана “Экономика жана бухгалтердик эсеп”адистигин бүтүрүүчү тайпаларынын студенттери менен жолугушуу болуп  өттү. Бул жолугушууга Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун эсепчиси С,Т.Көчкөнбаева, Жалал-Абад МТРКнын башкы  эсепчиси  О.М.Тагаева, “Аманат Курулуш”  ЖЧКнын башкы эсепчиси  А.А.Ташиева, Жалал-Абад сууканал башкармалгынын эмгек маяна эсепчиси А.Т.Алибекова, “Айыл”  банктын эсепчиси Рыскул уулу Адилет (ЖАКтын бүтүрүүчүсү), Балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин эсепчиси Б.Маматазизова (ЖАКтын бүтүрүүчүсү)  келип катышышып, студенттердин, окутуучулардын суроолоруна жооп беришти жана бул кесиптин азыркы учурдагы орду, келечеги жөнүндө ойлорун бөлүштү. Мындан сырткары, окуу планындагы сабактардын  тизмектери, жумушчу программадагы студенттер жана окутуучулар үчүн түзүлгөн жол карталардын түзүлүшү, эгер мүмкүнчүлүк болсо (өндүрүш жетекчи) тарабынан да жол картанын түзүлүшү боюнча ой-пикирлер айтылды. Студенттер келген конокторго өздөрү кызыккан суроолорду беришти жана тиешелүү жоопторду ала алышты.

Бул тармакта билим алып жаткан студенттер үчүн бул жолугушуу-көп ийгиликтерди  жаратуудагы негиз болуп калаарына ишеним артылды.

Мындан сырткары, иш берүүчүлөр менен болгон жолугушууга  ЖАМУнун практика жана карьера бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Н.С.Жолдошалиева, ЖАКтын окуу иштери боюнча директордун орун басары А.Т.Маматумаров, ЖАКтын өндүрүштүк окуу  иштери боюнча директордун орун басары Ү.Т.Кайкиевалар катышып, мындай жолугушуулар окуу жай менен иш берүүчүлөрдүн ортосундагы мамилени чыңдай тургандыгын баса белгилешти.

  • БУХГАЛТЕРДИК КЕСИПТИН АЗЫРКЫ  УЧУРДАГЫ ОРДУ
  • БУХГАЛТЕРДИК КЕСИПТИН АЗЫРКЫ  УЧУРДАГЫ ОРДУ
  • БУХГАЛТЕРДИК КЕСИПТИН АЗЫРКЫ  УЧУРДАГЫ ОРДУ
  • БУХГАЛТЕРДИК КЕСИПТИН АЗЫРКЫ  УЧУРДАГЫ ОРДУ