AVN







АДАПТАЦИЯЛЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКА

АДАПТАЦИЯЛЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКА
 May 11, 2021  546

Табигый-техникалык факультетинин География адистигинин Г-1-19 тайпасынын студенттери адаптациялык-педагогикалык практикасын өздөрү жашаган аймактагы жана шаардагы мектептерде офлайн форматында өтөп келишти.

Жыйынтыктоочу конференциянын жүрүшүндө кафедранын практика жетекчиси А.Ж.Керимбекова өз сөзүндө практика учурунда график боюнча кафедрадагы жетекчилер тарабынан студенттерге методикалык жардамдар көрсөтүлгөнүн айтуу менен  конференциянын ишине ийгилик каалады. Андан ары сөз алган ЖАМУнун өндүрүштүк практика жана карьера бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Н.С.Жолдошалиева практика жетекчилери менен студенттерге, алар үчүн даярдалган жол карта болуусун сунуштады жана конференциянын жүрүшүндө ийгилик каалады.

Сөзгө чыгышкан окутуучу-усулчулар: Г.Рыскулова,А.Мамытова,А.Керимбековапрактика мезгилиндеги ийгиликтерге жана кээ бир мүчүлүштүктөргө токтолушту.

Практика мезгилиндеги аткарылган иштердин жүрүшүнөн презентация жана айрым фрагменттерди көрсөткөн студент-практикант Максатбек кызы Алтынай конференциянын катышуучуларынын кубаттоосуна ээ болду.

Конференциянын жыйынтыгында сөз алышкан Н.Жолдошалиева, Г.Рыскуловалар жыйынтыктоочу конференциянын абдан жакшы уюштурулгандыгына жана студенттардин кийинки окууларына, изденүүлөрүнө ийгиликтерди каалашты.

  • АДАПТАЦИЯЛЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКА
  • АДАПТАЦИЯЛЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКА
  • АДАПТАЦИЯЛЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКА