AVN







КЫРГЫЗДЫН ЗАЛКАР ИНСАНДАРЫ

КЫРГЫЗДЫН ЗАЛКАР ИНСАНДАРЫ
 May 10, 2021  781

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жалал-Абад  колледжинде Р.Абдыкадыров атындагы жыйындар залында "Кыргыздын залкар инсандары" аттуу   эки бөлүктөн турган адабий кече өткөрүлдү.  Бул адабий кечени Жалал-Абад колледжинин директору, п.и.к.доцент, Б.М.Турдубаева ачып берип, улуу инсандардын баа жеткис эмгектерин белгилеп өттү. Кеченин коноктору  ф.и.к.,доцент, адабиятчы Д.Чокоева, ЖАМУнун МТнын жетекчиси, ф.и.д.  К.Калчакеев,   п.и.к. С.Сакиева жана  Э.Иманалиевдин бир тууганы Н.Иманалиева, ЖАКтын өндүрүштүк окуу иштери боюнча директордун орун басары Ү.Кайкиевалар эки залкар инсандардын өмүрлөрүнүн урунттуу учурларын, тил илиминин, кыргыз  адабиятынын, маданиятынын өсүшүнө зор салым кошкондуктарын баса белгилеп, бүгүнкү күндөгү коомдогу орду чоң экендигин студенттерге кеңири баяндап өтүштү. Адабий кечеге ЖАКтын таланттуу студенттери катышып, өз өнөрлөрүн тартуулашты. Бул иш-чаранын  1-бөлүгү  Эл агартуучу, тилчи-окумуштуу, алгачкы илимпоз, акын, котормочу, коомдук ишмер  кыргыз деп күйгөн Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына арналып, тил илимине, кыргыз адабиятына, маданиятына, кыргыз жазуусунун түптөлүшүнө кошкон салымы тууралуу  айтылды. Өмүрү чыгармалары боюнча видео слайддар, көркөм окуулар, «Ийнелик менен кумурска» котормо тамсили жана «Арпа менен буудай» жомогу сахналаштырылып, концерттик номерлерди студенттер келген конокторго тартуулашты.

2-бөлүгү кыргыз-казакка белгилүү Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, төрт тарабы төп жорго ак таңдай төкмө акын, манасчы, комузчу, обончу, актер, дастанчы Элмирбек Иманалиевдин чыгармачылыгына арналды.  Төкмөлүк өнөрдүн ээси Элмирбек Иманалиевдин балалык чагынан көрүнүштөр көрсөтүлүп,  жандуу үн менен обондуу ырлары аткарылды. Кыргыздын залкар инсандарынын чыгармачылык өмүр жолунан слайддар көрсөтүлүп, ырларынан көркөм окулду.  Жаш муундарды тарбия-таалимге үндөгөн чыгармалары жанырды.

Кечеге акындын шакирттери: Ак таңдай акындар ордосунун орун басары, демократ акын Т.Арзыбаев, ак таңдай акын, республикалык айтыштардын катышуучусу жана жеңүүчүсү С.Зулуев, жаш акындар: Н.Абдикаримов, Т.Буураев, Ы.Токтосуновдор өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Жыйынтыгында "Өткөндөрбаркталмайын, тирүүлөр данкталбайт"-деп айтылгандай, ЖАМУнун окуу бөлүмүнүн башчысы б.и.д. З.Сакбаева, ф.и.к., Г. Токтогуловалар сөзгө чыгып,  К.Тыныстанов менен Э.Иманалиевдин талантын, эмгегин даңазалаган ойлорун билдирип, адабий кече көрүүчүлөрдүн көңүлүнө толуп, жогорку бааларга татыды. Г.Токтогулова жаңы өсүп келе жаткан төкмө акындарга өз китебин тартуулады. Адабий кече ЖАКтын Педагогикалык жана социалдык иштер бөлүмүнүн  башчысы К.Салибаева жана окутуучулар: Г.Мамырасулова, А.Ажикулова, Н.Исраиловалар тарабынан уюштурулду. Аралыктан билим алууда жургон студенттер сахнаны сагынгандыктарын айтышып, бул иш-чарага активдүү катышышты.

  • КЫРГЫЗДЫН ЗАЛКАР ИНСАНДАРЫ
  • КЫРГЫЗДЫН ЗАЛКАР ИНСАНДАРЫ
  • КЫРГЫЗДЫН ЗАЛКАР ИНСАНДАРЫ
  • КЫРГЫЗДЫН ЗАЛКАР ИНСАНДАРЫ
  • КЫРГЫЗДЫН ЗАЛКАР ИНСАНДАРЫ
  • КЫРГЫЗДЫН ЗАЛКАР ИНСАНДАРЫ
  • КЫРГЫЗДЫН ЗАЛКАР ИНСАНДАРЫ
  • КЫРГЫЗДЫН ЗАЛКАР ИНСАНДАРЫ
  • КЫРГЫЗДЫН ЗАЛКАР ИНСАНДАРЫ
  • КЫРГЫЗДЫН ЗАЛКАР ИНСАНДАРЫ