AVN







УЛУУ ЖЕҢИШ МАЙРАМЫНА ДАНК

УЛУУ ЖЕҢИШ МАЙРАМЫНА ДАНК
 May 10, 2021  587

Б.Осмонов  атындагы  Жалал-Абад  мамлекеттик  университетинин медициналык   колледжинде   9-май  Улуу  Жеңиш күнүнө  карата “Улуу Жеңиш майрамына данк” деген темада иш-чара болуп өттү. Иш-чарага  Фарм-1-20, Фарм-2-20, Фарм-5-20 тайпаларынын студенттери жана колледждин Жаштар Комитетинин мүчөлөрү өздөрүнүн таланттарын тартуулашты.                                                                                                                          Иш-чаранын программасы:

1.9-май Улуу Жеңиш майрамынын тарыхы кыргыз, орус тилдеринде  студенттер тарабынан баяндама окулду

2.Жеңиш майрамына карата көркөм  окуу студенттердин аткаруусунда.

3.Сахналык көрүнүш Майсалбектин катынан үзүндү аткарылды.

4. “Жеңиш күнү” хор, “Месяц май” жеке номер

5. “Катюша”,  “Аскер вальсы” студенттердин аткаруусунда көрүүчүлөргө тартууланды. 

Иш-чараны тарбия иштери боюнча директордун орун басары Г.Темирбаева жана Жаштар Комитети тарабынан уюшулган.                                                    

          Медициналык колледжинин жаштар комитетинин төрагасы Болотбеков Амантур Эч ким, эч качан эч нерсе унутпайт деп бизге жыргал заманды алып келген аталарыбызга миң таазим деп окутуучуларды жана студенттерди куттуктады.Улуу Жеңиштин данкы өчпөйт 1945-жылдын тогузунчу майында Москва убактысы боюнча  саат  21:50 мүнөттө дүйнө жүзүнө бүткүл союздук  радионун  диктору Игорь Борисович Левитан Улуу Жеңишти шаттана “Көңүл буруңуздар Москва сүйлөйт! 1945-жылдын 8-майында Берлинде  Германиялык  Жогорку комендантчылыктын өкүлү менен кынк этпестен багынгандыгы жөнүндөгү актыга кол коюлду. Улуу Ата Менкендик согушта совет эли немистик фашисттик баскынчыларга болгон күрөшү жеңиш менен аяктады Германиянын бүтүндөй таш талканы чыкты. Түбөлүк данк! Биздин  мекендин  көз карандысыздыгы,  эркиндиги  үчүн  күрөшүп  өз  өмүрүн кыйышкан баатырлар, Жеңишчил кызыл  армиянын  жана согуш – деңиз  флотунун жоокерлери  жашасын!” деп  жар салышып, көздөрүнө жаш алышкан. 9- май Жеңиш майрамы – совет  элинин эң ыйык, эң улуу майрамы. Анткени бул күнгө жетүү үчүн совет эли 27 млн адамынан ажыраган. Бул күн - совет элинин 4 жылга созулган эң оор, эң кайгылуу Улуу Ата  Мекендик  согуштагы фашисттик Германиянын   үстүнөн жеңишке жетишкен күн. Жеңиш майрамын алып келүү үчүн канчалаган аталарыбыздан, агаларыбыздан ажырадык. Бул майрам бизге оңой менен келген жок. Жылда биз 9-май майрамын чыдамсыздык менен күтөбүз. Жылдан жылга арабыздан согуш ардагерлери азайып баратат. Ошол жениш майрамын алып келген согуш ардагерлерине канча таазим кылсак да аздык кылат. Биз жаштар патриот болуп, мекен үчүн, эл, жер үчүн жанын курман кылган согуш ардагерлерин сыйлап, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго күн сайын куран окуп, дуба кылып  турушубуз шарт.  Бардык кыргыз элин 9-май Жениш майрамы менен куттуктаймын. Жылдан жылга арабызда  азайып бараткан  согуш ардагерлери аман болушсун, “Эч ким, эч качан эч нерсе унутпайт”  деп сөзүн жыйынтыктады.

  • УЛУУ ЖЕҢИШ МАЙРАМЫНА ДАНК
  • УЛУУ ЖЕҢИШ МАЙРАМЫНА ДАНК
  • УЛУУ ЖЕҢИШ МАЙРАМЫНА ДАНК
  • УЛУУ ЖЕҢИШ МАЙРАМЫНА ДАНК
  • УЛУУ ЖЕҢИШ МАЙРАМЫНА ДАНК
  • УЛУУ ЖЕҢИШ МАЙРАМЫНА ДАНК
  • УЛУУ ЖЕҢИШ МАЙРАМЫНА ДАНК