AVN







ЖАЛАЛ-АБАД ЖАШТАРЫ ТЫНЧТЫК ҮЧҮН

ЖАЛАЛ-АБАД ЖАШТАРЫ ТЫНЧТЫК ҮЧҮН
 May 7, 2021  613

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Маданий эстетикалык борбору жана Жаштар комитети тарабынан “Баткеним менин Кыргызстан”, “Жалал-Абад жаштары тынчтык үчүн” аталыштагы видеороликтерди даярдашты.

Видеороликтер  Баткен областындагы кыргыз-тажик элдеринин ортосундагы болуп өткөн оор кырдаалга карата тынчтыкка, биримдикке үндөйт.  Мындай социалдык роликтер аркылуу жаштарыбызды патриоттуулукка, мекенди сүйүүгө үйрөтө алабыз – дейт маданий эстетикалык борборунун адиси Нурбек Шамуратов.

Оор күндөрдө жакын адамдарын жоготкон баткендик бир туугандарыбызга  терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана үй бүлөлөрдүн азасын тең бөлүшөбүз. Сиздер алты жарым миллиондон ашуун  элдин тынчтыгы үчүн, мекендин бүтүндүгү үчүн чек арабызды коргоп келесиздер деген оюн кошумчалады Н. Шамуратов.

  • ЖАЛАЛ-АБАД ЖАШТАРЫ ТЫНЧТЫК ҮЧҮН
  • ЖАЛАЛ-АБАД ЖАШТАРЫ ТЫНЧТЫК ҮЧҮН
  • ЖАЛАЛ-АБАД ЖАШТАРЫ ТЫНЧТЫК ҮЧҮН
  • ЖАЛАЛ-АБАД ЖАШТАРЫ ТЫНЧТЫК ҮЧҮН
  • ЖАЛАЛ-АБАД ЖАШТАРЫ ТЫНЧТЫК ҮЧҮН
  • ЖАЛАЛ-АБАД ЖАШТАРЫ ТЫНЧТЫК ҮЧҮН
  • ЖАЛАЛ-АБАД ЖАШТАРЫ ТЫНЧТЫК ҮЧҮН