AVN







"КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫ: АБАЛЫ ЖАНА КЕЛЕЧЕГИ"

 May 6, 2021  624

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Экономикалык-юридикалык факультетинин "Жарандык укук жана адвокатура" кафедрасынын профессордук-окутуучулар курамы тарабынан 2021-жылдын 3-майында,  Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 28 жылдыгына карата "Кыргыз Республикасынын Конституциясы: абалы жана келечеги" аталышында тегерек стол болуп өттү.

Тегерек столдо  кабыл алынган жаңы Конституция боюнча Конституциялык түзүлүштүн социалдык- экономикалык негиздери, коомдун руханий-маданий негиздери, жарандардын укуктары жана эркиндиктери, мамлекеттик бийлик органдары ошондой эле башка маселелер боюнча да кеңири маалыматтар берилди. Иш чара онлайн жана офлайн түрүндө болуп, ОшМУнун, ОШМЮИнин, К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин профессордук- окутуучулук курамы өздөрүнүн илимий баяндамалары менен катышышты деп билдирди кафедра башчы ю.и.к., доцент Н.К.Нарматов.