AVN







ӨЗГӨЧӨЛӨНГӨН АДАПТАЦИЯЛЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКА

ӨЗГӨЧӨЛӨНГӨН АДАПТАЦИЯЛЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКА
 May 6, 2021  608

Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин Башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасынын Педагогика жана Мектепке чейинки билим берүү адистигинин студенттеринин 2020-2021-окуу жылындагы алгачкы практикасы жыйынтыкталды. Анын жүрүшүндө конференцияны ачкан БББТМ кафедрасынын башчысы, п.и.д., профессор С. Сакиева өз сөзүндө конференциянын ишине ийгилик каалады. Андан ары сөз алган ЖАМУнун өндүрүштүк практика жана карьера бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Н. Жолдошалиева бул жолку практикага чыккан адистиктердин өзгөчөлөнгөн жагы бул, алгачкы жолу мектепке чейинки мекемелерге практикага чыккан адистиктердин бар экендигин айтты. Бул да болсо ЖАМУдагы жаңыдан даярдалып жаткан адистиктердин карлыгачтары боло тургандыгын баса белгилеп кетти.

         Сөзгө чыгышкан окутуучу-усулчулар: А. Төрөбекова, А. Шишкараева, Д. Аданова, Н. Мокуева,  А. Раимкул кызы практика мезгилиндеги ийгиликтерге жана кээ бир мүчүлүштүктөргө токтолушту.

         Практика мезгилиндеги аткарылган иштердин жүрүшүнөн айрым фрагменттерди көрсөткөн студент-практиканттар:  П-1-19 тайпасынан Сыргабаева А., МЧББ-1-19 тайпасынан Асакеева А., Тургуналиева Т. Өзүлөрүнүн иштери боюнча мастер-класстарды көрсөтүп, конференциянын катышуучуларынын кубаттоосуна ээ болушту.

         Конференциянын жыйынтыгында сөз алышкан Н.Жолдошалиева, С.Сакиева, К. Ураимовдор бул жолку практика боюнча жыйынтыктоочу конференциянын абдан жакшы уюштурулшгандыгына жана студенттардин кийинки окууларына, изденүүлөрүнө ийгиликтер айтылды.

  • ӨЗГӨЧӨЛӨНГӨН АДАПТАЦИЯЛЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКА
  • ӨЗГӨЧӨЛӨНГӨН АДАПТАЦИЯЛЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКА
  • ӨЗГӨЧӨЛӨНГӨН АДАПТАЦИЯЛЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКА