AVN







“БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭМГЕКТИ КОРГОО КҮНҮ”

“БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭМГЕКТИ КОРГОО КҮНҮ”
 May 4, 2021  534

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин  юридикалык-экономикалык бөлүмүнүн  тарых окутуучусу Ж.Абдивапова тарабынан “Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнө”карата  ТОиРАТ-2-20 тайпасы менен биргеликте иш-чара  өткөрүлдү. Мында окутуучу майрамдын тарыхына токтолуп: Эмгекти коргоонун бүткүл дуйнөлүк күнү 1999-жылдан башталгандыгын, биринчи жолу 2002-жылы эл аралык эмгек  уюмунун демилгеси менен белгилегендигин,уюм бул күндү расмий бекитүүнүнүн максаты-бул проблемага  дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу,ошондой эле жыл сайын  жумуш ордунда каза болгондордун санын кыскартууга, эмгекти коргоо маданиятын кантип түзүү жана көтөрүү болду. Мындан тышкары, азыркы учурда“Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнү”кандай мааниге ээ экендиги жөнүндөгү маалыматтарга да токтолду. Окутуучу бул малыматтар менен гана чектелбестен, темага байланыштуу слайддар, видео-роликтерди да даярдаган. Иш-чарага катышкан студенттер да өздөрүнүн активдүүгүлүн көрсөтүшүп, суроолорго жооп беришип жана өздөрү кызыккан суроолорго кеңири жоопторду  ала алышты. Мындан сырткары, “Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнө” карата студенттер тарабынан даярдалган видео-роликтер көрсөтүлдү. Бул иш-чарага Жалал-Абад колледжинин профсоюз комитетинин төрагасы А.Ыстамбаев, өндүрүштүк окуу иштери боюнча директордун орун басарв Ү.Т.Кайкиевалар катышышты.

  • “БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭМГЕКТИ КОРГОО КҮНҮ”
  • “БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭМГЕКТИ КОРГОО КҮНҮ”
  • “БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭМГЕКТИ КОРГОО КҮНҮ”