AVN







ЖАМУНУН 3 СТУДЕНТИ ӨКМӨТ БАШЧЫНЫН БЕЛЕГИНЕ ЭЭ БОЛУШТУ

ЖАМУНУН 3 СТУДЕНТИ ӨКМӨТ БАШЧЫНЫН БЕЛЕГИНЕ ЭЭ БОЛУШТУ
 Jan 2, 2018  977

ЖАМУнун 3 студенти Премьер-министр Сапар Исаковдун баалуу белегин алышты. Аны 2017-жылдын 30-декабрь күнү КРнын облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев жаштарга тапшырды.

Өткөн айда жумушчу сапары менен Сапар Исаков Жалал-Абад облусуна келип, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жургүзүп жаткан ишмердүүлүгүнөн кабар алып, студенттер менен жолугушкан. Жолугушу суроо-жооп менен коштолуп, жаштар кызыккан суроолрун премьер-министрге узатышты. Мына ошол учурда жакшы собол узаткан үч студентке өзүнүн баалуу белеги ыйгарылаарын айтып өткөн эле.

Өкмөт башчы убадасына бек туруп, мыкты суроо берген ЖАМУнун студенттери Алтынай Базарбаева, Акай Болотбеков, Жылдыз Данияроваларга баалуу белектерин берип жиберген. Аны КРнын облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү К. Сатыбалдиев ыйгарып, окууларына жетишкендик жана ийгиликтерди каалап өттү.

Белгилей кетсек студенттерге  Өкмөт башчы билим алууларына, интернет булактарынан маалыматка кай жерде болсо да ээ болууларына  мүмкүнчүлүк түзүү үчүн планшет тартуулаган.

  • ЖАМУНУН 3 СТУДЕНТИ ӨКМӨТ БАШЧЫНЫН БЕЛЕГИНЕ ЭЭ БОЛУШТУ
  • ЖАМУНУН 3 СТУДЕНТИ ӨКМӨТ БАШЧЫНЫН БЕЛЕГИНЕ ЭЭ БОЛУШТУ
  • ЖАМУНУН 3 СТУДЕНТИ ӨКМӨТ БАШЧЫНЫН БЕЛЕГИНЕ ЭЭ БОЛУШТУ
  • ЖАМУНУН 3 СТУДЕНТИ ӨКМӨТ БАШЧЫНЫН БЕЛЕГИНЕ ЭЭ БОЛУШТУ