AVN

Жалал-Абад колледжинде мамлекеттик практиканын жыйынтыктоочу конференциясы

Жалал-Абад колледжинде мамлекеттик практиканын жыйынтыктоочу конференциясы
 Apr 29, 2021  429

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин Чет тили адистигинин Атк-01-19, Атк-2-18, Атк-3-18, КТк-2-18 тайпаларынын студенттери  7 (жети) жумалык мамлекеттик практикасын Жалал-Абад шаардык жана Жалал-Абад областык мектептеринде офлайн форматында өтөп келишти.  3-курстардын студенттери үчүн 2020-2021- окуу жылынын 23-апрелинде, мамлекеттик практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы офлайн форматта өткөрүлдү.

Конференцияда студенттердин 7 жума аралыгында жүргүзүп келген иштеринин, жыйынтык отчеттору угулду. Алар бул конференциясынын жыйынтыгында, практика жетекчилери жана студенттер практика учурунда жетишкен ийгиликтерин, кетирген кемчиликтерин, туш болгон кыйынчылыктарын кенен айтып беришип, ар бир студент презентацияларын жасап, слайддарын жана видеолорун көрсөтүшүп  отчет беришти. Мыкты практика отөгөн айрым студенттермектептерден ыраазычылык кат да алышкан.Ар бир студент өтөгөн практикасы боюнча өз отчетун коргой алды. Конференция суроо-жооп, талкуулоолор менен коштолду. Алардын отчеттору практика жетекчилери тарабынан бааланды.

Бул конференцияга Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун практика жана карьера бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Н.С.Жолдошалиева, Жалал-Абад колледжинин өндүрүштүк практика иштери боюнча директордун орун басары Кайкыева Ү.Т., Чет тилдер жана орус тили ПЦКсынын практика жетекчилери жана студенттер катышты.

  • Жалал-Абад колледжинде мамлекеттик практиканын жыйынтыктоочу конференциясы