AVN







ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ТАРЫХЫ

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ТАРЫХЫ
 Apr 28, 2021  4219

Жалал-Абад Фергана облусунун экономикасына жана социалдык-маданийжашоосуна таасир этүүчү ири кыштак катары ХIX-кылымда белгилүү болгон.  Анын соодага ыңгайлуу тогуз жолдун тоомунда жайгашышы, дыйканчылыкка жагымдуу шарты, суунун молдугу калкты кызыктырып, кыштак тез эле өнүгүп кеткен. Жалал- Абад шаарынын тарыхына кайрылсак бир топ уламыштар эл оозунда азыркы күнгө чейин айтылып келүүдө.  Ал уламыштарга  кайрылсак  ХШ- кылымда жашап өткөн Хорезимдин баатыры Жалал-Эдиндин аты менен байланыштуу. Бул уламыш боюнча Чынгызхандын армиясы Орто Азияга басып келгенде Мухаммед шахтын баласы Жалал-Эдин Афганистанга качып барып ал жактан кол чогултуп Индикуш тоосу аркылуу  Көгарт өрөөнүнө келип, монгол баскынчыларына каршы аесуз салгылашып, көп кан төгүлүп аскерлери талкаланып, өзү кандуу согушта каза болгон.  Ал каза болгон жерде, кичине кыштак пайда болуп анын ысымынан Жалал-Абад  деп аталып калган.

Экинчи уламыш боюнча Кокон  ханынын ханы эс алып,зыярат кылып, дары сууларынан ичип туруу үчүн Аюб булактан өзүнө дача курдуруп ал жерди көзөмөлдөөгө өзүнүн катчысы(писар) Жалал-аддинге табыштайт, бул жерди өнүктүрүү үчүн азыркы Өзбекистандан жерсиз калган 40 үй-бүлөнү алып келип дыйканчылыкты өнүктүрүп, будай, пахта, өстүрүп жер тамдарды курушкан.  Жалал бул жерди абад кылды деп Жалал-Абад деп аташкан. Дагы бир уламыш боюнча Кокон хандыгында жашаган аябай бай бектин колунда Жалал аттуу аябай сымбаттуу сулуу кызматкерди  бектин жаш сулуу аялы сүйүп калат, жигитке да жагып калгандыктан алар ич ара сүйлөшүшүп бир күнү бектин эки күлүгүн алып түн жамынып качып кетишет. Бул окуядан кабар тапкан бек желдеттерин алардын артынан кууп аялды кайтарып ал эми Жалалды өлтүрүүгө буйрук берет. Туткунга түшүрүп  жаш аялын кайтарып, ал эми Жалалды саз жерге өз ажалы менен өлсүн деп ээн талаа эрме чөлгө таштап кетишет. Эмгекчил эр жүрөк жигит камыштардан алачык жасап жашап калат.Элдерге килем токуп сатып анын жанына отурукташканы адамдар келип жашай башташат, анын наамы бул жерге ыйгарылат. Ал эми акыркы божомол боюнча Камолидин Гойибоевдин “Жалал-Абад” тарыхы эмгегинде төмөндөгүчө сүрөттөлөт. Жалал-Абад шаары Кокон хандыгы мезгилинде “Чек” кыштагы деп аталчу экен. Кокон ханы Кудаяр хан айтылуу Аюб булакка атайы келип, дары суусун ичип, зыярат кылып турчу экен, ошондой келген учурларынын биринде Кудаяр хан Чек кыштагына  башчы кылып Жалал деген ишенген нөөкөрүн дайындап кетет. Жалал эки чылбыр бир тизгинди колго алып Чек кыштагын өркүндөтүү үчүн Кокон, Андижан жана Өзгөндөн усталарды алып келип шаарды өнүктүрүүгө мечит, чайкана, навайкана базарларды курдуруп, элдерге канал каздырып , суу чыгарып бак дарактарды эктирип, дыйканчылыкты жакшы жолго койгон.

Перс сөзүнөн түздөн түз которгондо “абад” эл жашаган жер ал эми Жалал дегенди билдирет. Эл жашаган ыйык жер деген маанини билдирет.

1890-1910-жылдарда Жалал-Абадда болуштук кеңсе ачылып, көчөлөр тартипке келтирилген. Почта иштей баштаган. Пахта жана башка техникалык, бакча өсүмдүктөрүн жакшыртуу багытында шаарда  «Тажрыйба»  участкасы түзүлгөн. Фельдшердик бөлүм ачылган. Ал эми 1912-жылы 6 орундуу 1-орукана иштей баштаган. 1914-жылы көпөс Журавлёв 1-жолу механикалык тегирмен курган. 1916-жылы Жалал-Абадда 1-банк ачылган, шаарга темир жол жеткирилип, 1916-жылы 1-поезд келген. Шаарда 1917-жылы 17-19-декабрда Совет бийлиги жарыяланган. Кыргызстан Россияга кошулгандан кийин Жалал-Абад болуштуктун, 1924-28-жылдарда Жалал-Абад округунун борбору болгон. 1927-28-жылдарда Жалал-Абад кантону уюшулуп, Айым, Жалал-Абад, Көгарт, Базар-Коргон, Майкен, Кетмен-Төбө, Кызыл-Жар, Чоң Алай, Чаткал болуштуктарын бириктирип, борбору Жалал-Абад шаары болгон. 1928-жылы Жалал-Абад кантону Ош кантону менен биригип, Ош округу аталган. 1939-59-жылдарда Жалал-Абад облусунун борбору болгон. 1926-жылы облустук китепкана ачылган. Жалал-Абад шаарында көптөгөн белгилүү инсандар жашап, иштеген. Алар: Төрөкул Айтматов (Жалал-Абад кантонунда жер-суу реформасын жүргүзүү боюнча төрага; 1926-29), Эргеш Алиев (милициянын генералы), Кубат Жуматаев (Жалал-Абад обком комсомолунун мурдагы катчысы) жана башка 1926-жылы педтехникум ачылган. Ал 1947-57-жылы мугалимдер институту деп аталган. Учурда ал Жалал-Абад мамлекеттик университети  (ЖАМУ). 1938-жылы зооветмектеп ачылып, ал 1947-жылы зооветтехникум болгон. Ошол эле жылы механизаторлордун мектеби ачылып, 1992-жылдан лицей. Шаарда пахта тазалоочу (1939), кыш, сүт заводдору, МТС, тери иштетүүчү, кийим тигүүчү цехтер, эт комбинаты жана башка ишканалар, маданий мекемелер, спорт аянтчалары ачылган. Согуштан кийинки жылдары экономикалык жана турмуш-тиричилик мекемелери кеңейген. 1947-жылы аэропорт, пиво заводу жана башка курулуп, 1950-жылы шаардын өнүгүшү үчүн 1-генералдык план бекитилген. Облустук керек-жарак коому, Түштүк-Кыргыз жаңгак токойлору боюнча башкармалык уюштурулуп, кичи райондор пайда болгон. 1960-70-жылдары шаар андан ары өнүктү. «Кыргыз мунай» чалгындоо экспедициясы Жалал-Абадда уюштурулуп, облустагы жана райондордогу  май базалары аныкталды. Избаскенден Жалал-Абадга чейин созулган  газ куру курула баштады. Шаардык турмуш-тиричилик комбинаты, жер казуучу техникаларды даярдоочу, насос, курулуш материал чыгаруучу ишканалар, шаарды жана облусту (Ош облусун да) суюлтулган газ менен камсыз кылуучу база, мебель фабрикасы жана башка бар. Жалал-Абад шаары 1980-жылдары Кыргызстандын өнөр жай жана маданий ири борборлорунун бирине айланды.  Ошондой эле пахта тазалоочу завод, кондитердик бирикме, мебель жана кийим тигүү фабрикалары, жыгаччылык, курулуш материалдар комбинаттары, жер казуучу техникаларды ремонттоо жана тамеки ферменттөө заводдору бар экономикалык борбор болуп саналат. 1996-жылы Кыргызстанда 1-болуп, нефть продуктуларын кайра иштетүүчү комбинат, элге керектүү товарларды чыгаруучу эл аралык биргелешкен ишканалар ишке киргизилди. 1993-жылдан университет, коммерциялык институт, окутуунун жаңы технологиясына негизделген лицейлер, Барпы атындагы облустук драма театры, филармония, маданий борборлор ачылды. Көп улуттуу шаар болгондуктан, улуттук-маданий борборлор уюшулган, мезгилдүү басылмалар чыгат, телекөрсөтүү иштейт. 2001-жылы облуста Курманбек баатырдын 500 жылдык мааракеси белгиленген. Салтанатка арналып, Жалал-Абад шаарынын кире беришине «Курманбек кылымдар мурасы» комплекси, «Фольклордук талаа», «Телтору» ат майданы жана башкалар  курулган. 2007-жылы Жалал-Абад шаары 125 жылдыгын белгиледи.