AVN







"Касым Тыныстанов - Кыргызстандын мамлекеттик ишмери жана окумуштуусу"

 Apr 27, 2021  824

2021-жылдын 26-апрелинде Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы философия жана гуманитардык илимдер кафедрасы "Касым Тыныстанов - Кыргызстандын мамлекеттик ишмери жана окумуштуусу" аталышында илимий-тарбиялык максатта тегерек стол өткөрдү. Тегерек столдун жүрүшүндө Касым Тыныстановдун "Жаңыл Мырза" поэмасындагы көркөм чеберчиликтер, XX кылымдын башындагы агартуу майданындагы атаандаштык жана анын жыйынтыктары, Касым Тыныстановдун тил саясатындагы ролу, Касым Тыныстановдун чыгармаларындагы социалдык көйгөйлөрдүн сүрөттөлүшү, анын агартуучулукка кошкон салымы, элдин сабатын жойгон илимпоздугу баса белгиленди. Жыйынтыгында өмүрү өрнөктүү инсандардын ишмердүүлүктөрүн унутпай жүрүүгө келечек муундарды чакыруу, алардын мурастарын пропагандалоо жана кийинки муундарга калтыруу интеллигенциянын негизги парзы деп эсептейбиз.