AVN







“МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИНИН ПЕРИСИ-2021”

“МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИНИН ПЕРИСИ-2021”
 Apr 27, 2021  651

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медициналык колледжинде окуган студент кыздар арасында “Медициналык колледжинин периси-2021” сынагы болуп өттү. Сынак  аялзатынын сулуулугун, талантын, чеберчилигин даңазалоо, студенттер арасында достук, сүйүү, бири-бирин сыйлоо, биримдикти  сактоо, жаштардын бош убактысын максаттуу пайдалануу максатында өткөрүлдү.

Сынактын программасы:

  1. Саламдашуу (өзүн тааныштыруу 5-7 минут)
  2. Өз  өнөрүн  көрсөтүү (каалаган талантын көрсөтүү, ырдоо, бийлөө, комуз ойноо 3-5 минут)
  3. Көркөм окуу (Кыргыздын чыгаан айымдарына арнап. Мисалы: Курманжан Датка, Уркия, Жаңыл Мырза ж.б. 5-7минут)
  4. Суроо жооп (Тарых, медицина, логика 3 минут)
  5. Мода көрсөтүү (3-5 минут)

“Медициналык колледжинин периси – 2021” сынагында алты  кыз ат салышты. Сынакка катышкан кыздар ар тараптан өздөрүнүн таланттарыны көрсөтө алышты. Сынакка катышкан кыздар кыргыздын чыгаан айымдары Уркия, Курманжан Датка, Жаңыл мырза сыяктуу энелерибизди даңазалап ырларды көркөм окушту. Катышуучулар өз өнөрлөрүн көрсөтүүдө кыргыз, индия, цыган бийлерин бийлешип, өздөрүнүн таланттарыны көрүүчүлөргө тартуулашты. Жыйынтыгында: 1-даражадагы диплом  менен  “Медициналык   колледжинин  периси-2021”  номинациясына Сд-1-19 тайпасынын студенти Айбек кызы Гүлнүр, 2-даражадагы диплом менен “Медициналык колледжинин вице периси- 2021” номинациясына Фарм-2-20 тайпасынын студенти Бактыяр кызы Нуркыз, 3-даражадагы диплом менен “Медициналык колледжинин таланттуу периси” номинациясына Сд-2-20 тайпасынын студенти Уранбек кызы Дилуралар ээ болушту. Сд-1-20 тайпасынын студенти Толкунжан кызы Мираида, Ад-1-20 тайпасынын студенти Калмурзаева Камила, Фарм-1-19 тайпасынын студенти Артыкбаева  Аксаналар активдүү катышкан үчүн дипломдорго ээ болушту. Ар бир катышуучуга колледждин дипломдору жана баалуу белектер берилди. “Медициналык колледжинин периси-2021” сынагын тарбия иштер боюнча  директордун орун басары Г.И.Темирбаева жана жаштар комитети тарабынан уюштурулуп, өткөрүлдү. Иш-чара жогорку денгээлде өткөрүлдү.

  • “МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИНИН ПЕРИСИ-2021”
  • “МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИНИН ПЕРИСИ-2021”
  • “МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИНИН ПЕРИСИ-2021”
  • “МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИНИН ПЕРИСИ-2021”
  • “МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИНИН ПЕРИСИ-2021”
  • “МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИНИН ПЕРИСИ-2021”
  • “МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИНИН ПЕРИСИ-2021”
  • “МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИНИН ПЕРИСИ-2021”
  • “МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИНИН ПЕРИСИ-2021”
  • “МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИНИН ПЕРИСИ-2021”