AVN







«Жусуп Абдрахмановдун өмүрү, ишмердүүлүгү жана тагдыры тарыхый изилдөөлөрдө»

«Жусуп  Абдрахмановдун өмүрү, ишмердүүлүгү жана тагдыры тарыхый изилдөөлөрдө»
 Apr 27, 2021  731

Дүйнө тарыхында, мейли мамлекеттердин тарыхында болсун белгилүү инсандардын анын ичинде мамлекеттик ишмерлердин табиятындагы  касиеттери, алган тарбиясы, дүйнө таанымы, тутунган идеялары, өрнөктүү өмүрү, тарыхта калтырган көрөңгөлүү издери инсандык жана башкаруучулук бейнелерин  сыпаттоочу негизги компоненттер экендиги белгилүү.  Аны менен катар эле эл аралык жана мамлекеттик деңгээл­деги саясий, социалдык-эко­номикалык маселелерди чечүүдөгү иш билгилүүлүгү, керт башынын эмес эли-журттун кызыкчылыгын бийик туткан, көрпенделиктин утурумдук көйгөйүнөн оолак туруусу өзгөчө мааниге ээ.

Мындай сапаттарга ээ инсандар коомдун та­ры­хында өзгөчө ролду ойноп, олут­туу орунду ээлеп келген. Алардын ишмердүүлүктөрү коомдук-саясий турмушта көптөгөн кескин өзгөрүштөрдү алып ке­лген. ХХ кылымдан ашуун карт тархыкка ээ кыргыз элинин тарыхында нечендеген чыгаан инсандар белгилүү. Алардын иш аркети менен кыргыз эли  эгемендүү болгонго чейин тарыхтын эчен тар жол, тайгак кечүүсүнөн өтүп, бир эл, бир улут катары ата бабабаларыбыз мураска калтырган Ала-Тоону мекендешип келүүдө.Борбор Азия элдеринин тарыхында советтик үлгүдөгү улуттук мамлекеттердин калыптанышы зор мааниге ээ. Бул мында 30 жыл мурда ээ болгон күнкорсуздуктун алгачкы кадамы болгон десек жаңылышпайбыз. Ошол улуттук мамлекеттүүлүккө умтулууга, анын түптөлүшүнө, кыргыз элинин өз алдынча  мамлекетүүлүгүнүн пай­ду­ба­лын бекемдөөгөөзгөчө салы­мын кошкон чыгаан инсандарыбыз болгон. Алардын катарына кө­рүнүктүү саясий, мамлекеттик ишмерлер А.Сыдыков,А.Ороз­беков, Ж.Аб­драх­манов, И.Ай­дар­­беков ж.бко­шууга болот.Тоталитардык режимдин катаал шарттарында керт баштарын канжыгага байлашып, кара жанын карч уруп иштеген бул инсандар  калабалуу сталиндик репрессиянын жазыксыз курмандыктарына айланышкан.

Жусуп Абдрахманов мамлекеттик жана саясий ишмер болуу менен бирге тарых илимине да белгилүү салым кошуп кеткендигин белгилей кетүү абзел. Анын «1916-жылдагы көтөрүлүш жөнүндө» (1931-ж.) деген эмгеги кыргыз тарыхнаамасында 1916-жылкы көтөрүлүшкө арналган эмгектердин арасында орчундуу орунду ээлейт. Бул эмгегинде автор падышалык Россиянын колонизатордук саясатынын маңызын, көтөрүлүштүн негизги себебин обьективдүү ачып берген. Жусуп Абдрахмановдун бул эмгегинде келтирген пикирлери, маалыматтары азыркы күндө да өз баалуулугун жоготкон жок. Аталган эмгекти биздин көптөгөн тарыхчы-изилдөөчүлөрүбүз пайдаланышууда жана пайдалана бермекчи. Ал эми, анын «Күндөлүгү» болсо ошол доорду окуп үйрөнүүдө изилдөөчүлөр үчүн тарыхый булак катары эң чоң илимий баалуулукка ээ.  

Тарыхчы катары, бүгүнкү эгемендүүлүк ушул инсандарыбыздын  ишмердүүлүгү десек жаңылышпайбыз. Бүгүнкү күндүн талабы тарыхыбызга дагы бир ирет кайрылып, кыргыз улуттук советтик мамлекеттүүлүгүнүн башатындагы  жогорку мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнө жана ишмерлерине, өлкөбүздүн ошол мезгилдеги оор абалдан кандай жол-ыкмалар менен чыккандыгын илимий изилдөөгө алып, оң- терс жактарын талдап, келечек өнүгүүбүз үчүн сабак алуу зарылдыгын жаратты. Эл уулунун эмгегин эстен чыгарбай келечек муундарды Мекенди сүйүүгө тарбиялоо жаатында2021-жылдын 11-февралында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгын белгилөө жөнүндө» Жарлыкка кол койгон. Жарлыкты ишке ашыруу  багытында2021-жылдын 22-апрель күнү Тарых кафедрасы тарабынан уюштурулган  «Жусуп Абдрахмановдун өмүрү, ишмердүүлүгү жана тагдыры тарыхый изилдөөлөрдө»  аталышындагы  регионалдык илимий-тажрыйбалык онлайн конференция  болуп өттү. Жыйынга аралыктан окутуучулар жана студенттер катышышты.Конференциянын ачылышында ЖАМУнун окуу иштери боюнча проректору  профессор А.А. Алибаев, илимий иштер боюнча проректору, профессор К.С. Алыбаевдер сөз сүйлөшүп, конференциянын ишине ийгилик каалашты. Жыйынды  доцент Э.А. Авазов алып барды. Конференциянын жүрүшүндө төмөнкү баяндамалар угулуп, суроо жооп, пикирлер менен коштолду.

1. Смадияров С.А.,   т.и.к., доцент (ОшМУ),“Жусуп Абдрахманов  кыргыз өкмөтүнүн алгачкы төрагасы”

2.Авазов Э.А.,т.и.к., доцент (ЖАМУ) “Жусуп Абдрахманов жана анын доору: кыргыз улуттук советтик мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышы”

3.Осмонов С.Ж.,  т.и.к., доцент (ОГПИ),“Жусуп Абдрахманов - улуттук лидер”

4.Атабекова Ш.Б., окутуучу (ЖАМУ), “Жусуп Абдрахмановдун жеке турмушуна сүртүмдөр”

4. Токтогулова Г.Т. фил.и.к.,доцент (ЖАМУ),“Жусуп Абдрахмановдун инсандык жана жетекчилик сапаттары”

5.Султанова А.Ж., Т-1-17 тайпасынын студенти,“Ж.Абдрахмановдун ишмердүүлүгүнүн  урунттуу учурлары”

6.Халматов К.А.,т.и.к., доцент (ЖАМУ),“Ж.Абдрахманов  репрессиянын жазыксыз курмандыгы”

7.Умарова М.К., окутуучу(ЖАМУ),“Белгилүү инсан жөнүндө изилдөөлөр”

Талкуунун жүрүшүндө Ж.Абдрахмановдун улуттук мамлекетибиздин пайдубалын түптөөөдөгү ролуна баа берилип, улуттук мамлекетибиздин калыптанышына жана өнүгүшүнө олуттуу салым кошкондугу  ачып берилди. Баяндамачылар 26 жашында алгачкы кыргыз өкмөтүнүн башына келген Ж.Абдрахмановдун Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасынын түзүлүшү тууралуу Декларациянын, Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасынын Конституциясынын долбоорун даярдоого жигердүү катышкандыгы, жеке жашоосу, инсандык жана жетекчилик сапаттары, бүгүнкү учурдун белесинен караганда улуттук лидер болгондугуна токтолушту.

Жыйынтыгында Ж.Абдрахманов  сыяктуу өкүттө кеткен саясий ишмерлерибиздин инсандык бейнелери калыбына келтирилип, аларды урмат менен эстеп жүрүү жана мындан тарыхый сабак алуу бүгүнкү жаштардын  парзы  экендиги белгиленди. Кафедра башчысы тарабынан  илимий баяндама  жасашкан конокторго жана жалпы эле катышуучуларга ыраазычылык билдирилди.

  • «Жусуп  Абдрахмановдун өмүрү, ишмердүүлүгү жана тагдыры тарыхый изилдөөлөрдө»
  • «Жусуп  Абдрахмановдун өмүрү, ишмердүүлүгү жана тагдыры тарыхый изилдөөлөрдө»