AVN

КОРПУСТАРДЫН САНИТАРДЫК АБАЛЫ ТЕКШЕРИЛДИ

КОРПУСТАРДЫН САНИТАРДЫК АБАЛЫ ТЕКШЕРИЛДИ
 Apr 14, 2021  530

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окуу корпустарынын санитардык абалы текшерилди. Текшерүү окуу жайдын медициналык пунктунун кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн.

Медициналык пунктун врачы Нурсулуу Ибрагимованын айтымында   КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин 2020-2021-окуу жылынын жазгы семестринде окуу процессин аралаш окутуу форматында уюштуруунун алгоритмин бекитүү жөнүндөгү буйругуна ылайык жана Жалал-Абад шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун 11.02.2021-жылдагы чыгарылган №01-17-46 катынын негизинде  ар күнү негизинде окуу жайдын медициналык пунктунун дарыгери Ибраимова Нурсулуу жана Касымбекова Тахмина тарабынан имараттарга рейд жүргүзүлүп турат.

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде1-апрельден тарта бардык адистигинде билим алып жаткан студенттердин окуулары гибриддик форматта өтүлө баштады. Офлайн окугандыгына байланыштуу студенттердин жана окутуучулардын ден-соолугуна кам көрүү максатында  имараттардын санитардык абалы дезинфекцияланууда.

Текшерүүнүн жайынтыгында, сабак башталгандан тарта төмөндөгү эрежелерди сактоо зарылдыгы эскертилди:

  • Кире бериш жерде жооптуу адамдар туруусу:
  • Имаратка кирген бардык адамдардын дене табын контаксыз өлчөө керектиги;
  • Кирген адамдарда жөтөлдүн, энтигип дем алуунун, сасык тумоонун болуусуна байкоо жүргүзүү жана ал жөнүндө кыскача сураштыруу;
  • Имаратка кирүү учурунда адамдардын 1-1,5 метр физикалык аралыктын сакталышы;
  • Дене табы жогору болгон жана инфекциянын белгилери бар адамды аныктоодо кичи пейил жана сылык формада имараттын ичине кирбөөнү жана ҮМБдагы дарыгерге же колл-борборго кайрылуусу керектигин түшүндүрүү;
  • Окуу имаратына бет капсыз кирүүгө жана бет капсыз жүрүүгө тыюу салынары;
  • Факультеттерде жана колледждерде кафедрага кире бериште колду дезинфекциялоо үчүн антисептикалык каражаттардын болуусу камсыздалышы керектиги;
  • Эшиктердин туткалары хлорлонгон материалдар менен байланып жана такай алмаштырып туру керектиги:

Негизинен бардык коюлган талаптар аткарылууда тактап айтканда санитардык шарттарды аткаруу иштери күчөтүлдү университеттин профессордук-окутуучулар курамы жана кызматкерлери медициналык кароодон өткөрүлүп, санитардык китепчелери толтурулду. Оорулардын алдын алуу максатында санитардык абалдын эрежелерин сактоо үчүн мындай текшерүүлөр тез-тез өткөрүлүп тураарын  билдирди мед пунктун врачы  И.Н.Ибраимова.

  • КОРПУСТАРДЫН САНИТАРДЫК АБАЛЫ ТЕКШЕРИЛДИ