AVN







ЭЛДИК РЕВОЛЮЦИЯГА 11 ЖЫЛ

ЭЛДИК РЕВОЛЮЦИЯГА 11 ЖЫЛ
 Apr 6, 2021  649

Бүгүн Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университеттинин проректорлору жана декан, директорлору, бөлүм башчылары Жалал-Абад шаарынын борбордук “Эркиндик” аянтында 7-апрель-Элдик революциясынын 11 жылдыгына карата уюштурулган иш-чарага катышышты.  

Иш-чарага облус башчысы Абсаттар Сыргабаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, элдик көтөрүлүштүн  катышуучулары, коогалаңда каза болгондордун жакындары, мекеме-ишканалардын эмгек жамааттары жана шаар тургундары катышышты.

Алгач курман болгондорго куран түшүрүлүп,  гүл чамбарлар коюлду. Жергиликтүү жетекчилер 7-апрелдеги окуялардын келип чыккан сепептерине токтолуу менен өлкөүн тарыхында чоң бурулуш болгонун белгилешти.

Белгилей кетсек, апрель окуясында Жалал-Абад облусунан 9 адам каза болуп, 67си денесинен түрдүү жаракаттарды алышкан. Жыл сайын жергиликтүү бийлик тарабынан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө мүмкүнчүлүкө жараша колдоолор көрсөтүлүп турат. Курман болгондордун балдарына, денесинен жаракат алган жарандарга медициналык жардам жана дары-дармектер менен жеңилдетилген түрдө камсыз кылынып келүүдө – дейт КРнын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү.

  • ЭЛДИК РЕВОЛЮЦИЯГА 11 ЖЫЛ
  • ЭЛДИК РЕВОЛЮЦИЯГА 11 ЖЫЛ
  • ЭЛДИК РЕВОЛЮЦИЯГА 11 ЖЫЛ
  • ЭЛДИК РЕВОЛЮЦИЯГА 11 ЖЫЛ
  • ЭЛДИК РЕВОЛЮЦИЯГА 11 ЖЫЛ
  • ЭЛДИК РЕВОЛЮЦИЯГА 11 ЖЫЛ