AVN







КАРЫЛАРДАН КАБАР АЛЫНДЫ

КАРЫЛАРДАН КАБАР АЛЫНДЫ
 Dec 29, 2017  1026

ЖАМУнун Педагогика жана маалымат технологиялар  факультетинин деканы п.и.к. доцент, Ажыкулов Сапарбек  демилгеси менен  факультеттин студенттери менен биргеликте "Сузактагы социалдык стационардык  мекеме" (Карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелгендердин үйүнө) жаңы жылдык иш-чара уюштурулуп, карылар үйүндөгү апаларга-аталарга, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге концерттик программа оюн-зоок, ыр-күлкү тартуулап келишти.

Карыяларыбыздын кубанычында  чек жок болуп, өздөрү да, ырдап, бийлеп жаштык күндөрүн эстеп сүйүнгөндөрүнөн ыйлап да алышты. Андан соң декан С. Ажыкулов карыяларга жана мүмкүнчүлүгү чектелгендерге атап алынган белектерин тапшырып, майрамдык маанайда торттор кесилип шириндиктер таратылды.

Декан Сапарбек Ажыкуловдун айтымында карыларыбыз менен быйыл тыгыз байланышта боло баштадык, бул экинчи жолугушуу болуп жатат. Биринчи жолу Социалдык иш адистигинин активдүү 10 студенти менен барып карыяларыбыз менен жакындан маектешип, алардын уул-кыздарындай болуп сырдашып, турмуштун кандай себептеринен  улам, карылар үйүнө келип калганын, өздүгү, ата-теги, канча бир тууганы болгонун, канча балдары бар экенин  турмушта кандай жолдорду басып өткөнүн сурашып алардын көңүлдөрүн көтөрүп келгенбиз. Биздин максатыбыз карыяларыбызды, мүмкүнчүлүгү чектелгендерди белгилүү бир дата күнү эле эстеп, башка убакытта эстен чыгырып койбостон алардын балдарына болгон кусалыгын толтуруп, ичиндеги муңун чыгарып келечекке, жашоого болгон үмүтүн үздүрбөй жакшыртуу, стимул берүү болуп эсептелет.

  • КАРЫЛАРДАН КАБАР АЛЫНДЫ
  • КАРЫЛАРДАН КАБАР АЛЫНДЫ
  • КАРЫЛАРДАН КАБАР АЛЫНДЫ
  • КАРЫЛАРДАН КАБАР АЛЫНДЫ