AVN







“БИЛИМ ДЕГЕН ТҮГӨНБӨГӨН ЖОЛ ТУРА, БИЛГЕНИМДЕН БИЛБЕГЕНИМ КӨП ТУРА”

“БИЛИМ ДЕГЕН ТҮГӨНБӨГӨН ЖОЛ ТУРА, БИЛГЕНИМДЕН БИЛБЕГЕНИМ КӨП ТУРА”
 Mar 31, 2021  487

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 25-февралындагы №53-б, кургак учук оорусуна каршы күрөшүү боюнча бир айлык акция  жарыялоо жөнүндөгү буйругунун негизинде  “Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндөгү”  жана  “Кыргыз  Республикасынын  жарандарынын саламаттыгын  сактоо  жөнүндөгү”  Кыргыз  Республикасынын мыйзамдарына  ылайык  Б.Осмонов  атындагы  Жалал-Абад  мамлекеттик университетинин  2021-жылдын  1-мартындагы  №9 буйругунун  негизинде 2021-жылдын  24-февралынан  24-мартына  чейин  кургак  учук  оорусун алдын  алуу жана бир айлык акция жарыялангандыгына байланыштуу  медицина колледжинде  окуган адистиктер арасында    кургак учуктун алдын алуу максатында  “Билим деген түгөнбөгөн жол тура, билгенимден билбегеним көп тура”  деген темада интелектуалдык оюн  өткөрүлдү.  Студенттерге кургак учук оорусу боюнча маалымат берүү, кургак учук оорусунун алдын алуу, кургак учук оорусунун тарыхы, даарылоо ыкмаларын, кургак учук оорусу менен ооруган жарандарга жардам берүү, гигиенаны жана тазалыкты сактоо максатында  уюштурулду.  Оюндун шарты боюнча командада 1 окутуучу, 6 студент катышып, 3 тур менен өттү. 1-тур командага ат коюп, ошол мезгилде чечмелеп берүү, 2-тур кургак учук оорусу боюнча суроолорго жооп берүү, 3-тур кургак учуктун алдын алуу, дарылоо, жардам берүү боюнча сценарий көрсөтүү. “Фармация” адистигинин студенттеринен куралган “Роберт Кох” командасы, “Акушердик иш” адистигинин студенттеринен куралган  “Ден соолук” командасы, “Дарылоо иш” адистигинин студентеринен куралган “Белая ромашка” командасы, “Фармация” адистигинин студенттеринен куралган  “Имунитет” командасы, “Медайымдык иш” адистигинин студенттеринен куралган “Ромашка” командаларынын ортосунда интелектуалдык оюн кызыктуу  өттү, командалар эң жогорку денгээлде катышып, өздөрүнүн кургак учук оорусу боюнча суроолорго, берилген тапшырмаларга так, туура жооп беришип, иш-чара жогорку денгээлде өткөрүлдү.  Иш-чарага 1-2-3-курстта окуган студенттерден тандалып алынып, команда түзулдү.  Окутуучулардан “Роберт Кох” командасын Алимбаева Гүлбара,  “Ден соолук” командасын Примкулова Асылкан, “Белая ромашка” командасын  Мамасадыкова Айганыш,  “Ромашка” командасын  Садырбек кызы Элизат, “Имунитет” командасын Нарынова Айперилер жетектеп келишти. Интелектуалдык оюнда  колледждин окутуучусу Абазова Сүйүмкан,  жаштар комитетинин төрагасы Рахман  уулу Бекболот,  ЖАМУнун жаштар комитетинин  мүчөсү  Абдувалиева Гүлданалар  калыстык кылышты. Жыйынтыгында:   “Роберт Кох”  командасы  88 упайга,   “Белая ромашка”  командасы  88 упайга, ”Имунитет” командасы 86 упайга, “Ден соолук” командасы 84 упайга, “Ромашка” командасы 74 упайга  ээ болушуп, колледжин дипломдорун  жана баалуу белектерди алышты. Кургак учук оорусунун алдын алуунун бир айлыгына  карата “Билим деген түгөнбөгөн жол тура, билгенимден билбегеним көп тура”  деген темада интелектуалдык оюнду колледждин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Г.Темирбаева жана жаштар комитети тарабынан уюштурулуп, жогорку денгээлде өткөрүлдү.

  • “БИЛИМ ДЕГЕН ТҮГӨНБӨГӨН ЖОЛ ТУРА, БИЛГЕНИМДЕН БИЛБЕГЕНИМ КӨП ТУРА”
  • “БИЛИМ ДЕГЕН ТҮГӨНБӨГӨН ЖОЛ ТУРА, БИЛГЕНИМДЕН БИЛБЕГЕНИМ КӨП ТУРА”
  • “БИЛИМ ДЕГЕН ТҮГӨНБӨГӨН ЖОЛ ТУРА, БИЛГЕНИМДЕН БИЛБЕГЕНИМ КӨП ТУРА”
  • “БИЛИМ ДЕГЕН ТҮГӨНБӨГӨН ЖОЛ ТУРА, БИЛГЕНИМДЕН БИЛБЕГЕНИМ КӨП ТУРА”
  • “БИЛИМ ДЕГЕН ТҮГӨНБӨГӨН ЖОЛ ТУРА, БИЛГЕНИМДЕН БИЛБЕГЕНИМ КӨП ТУРА”