AVN







ЖАМУДАН БАШТАЛГАН КЫЗМАТТАШТЫК МИССУРИ (USA) УНИВЕРСИТЕТИНДЕ

ЖАМУДАН БАШТАЛГАН КЫЗМАТТАШТЫК  МИССУРИ (USA) УНИВЕРСИТЕТИНДЕ
 Mar 31, 2021  568

Б. Осмонов атындагы  Жалал-Абад мамлекеттик университети Америка Кошмо Штатындагы Missouri университети менен кызматташат.  Мындай билдирүүнү окуу жайдын эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси Гулнура Маткалыкова билдирди.

Буга чейин аталган университеттин профессору, эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси Мери Стегмайер Кыргызстандагы иш сапарында биздин университетте конок болуп таанышып кеткен.  Бүгүн эки университеттин эл аралык байланыштар бөлүмүнүн катышуусунда, Америка Ордосунун координатору МурзалиевМанас онлайн жолугушуу уюштурду. Жолугушууда чет элдик студенттер үчүн Миссури университетиндеги окуулар жана мүмкүнчүлүктөр айтылды. Эки тараптуу кызматташуунун долбоору иштелип баштады.

«Биздин университеттин рейтингин жогорулатууда, чет элдик өнөктөш окуу жайлар менен болгон мамилебиз маанилүү.  Андыктан бир канча чет элдин окуу  жайлар менен келишимдерди түзүп иш алып баруудабыз. Мындай иш аракеттер алдыда дагы да уланат - дейт эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси  Гулнура Маткалыкова.

  • ЖАМУДАН БАШТАЛГАН КЫЗМАТТАШТЫК  МИССУРИ (USA) УНИВЕРСИТЕТИНДЕ
  • ЖАМУДАН БАШТАЛГАН КЫЗМАТТАШТЫК  МИССУРИ (USA) УНИВЕРСИТЕТИНДЕ
  • ЖАМУДАН БАШТАЛГАН КЫЗМАТТАШТЫК  МИССУРИ (USA) УНИВЕРСИТЕТИНДЕ