AVN







БЕКМАМАТ ОСМОНОВ КИМ БОЛГОН?

БЕКМАМАТ ОСМОНОВ КИМ БОЛГОН?
 Mar 31, 2021  2219

Бекмамат Осмонов эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы эң күчтүү саясатчы жана коомдук ишмерлердин бири болгон. Ал жаңы кыргыз саясатынын башатында туруп, келечек муун идеал тутуп, үлгү алган залкар инсан экендиги чындык.

Элүүнүн кырын жаңы гана ашып, күчкө толуп турган кезинде жашоо менен кош айтышкан Бекмамат Осмонов көзү тирүү болгондо бүгүн 76 жашка чыкмак. Замандаштары анын эр жүрөк, тайманбас жана чынчыл мүнөзүн баалап, кыргыз үчүн иштеген инсан болгондугун айтышат.

Бекмамат Осмонов 1946-жылы 24-майда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Акман айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган. Сегиз уулдун төртүнчүсү болгон. Бир туугандардын улуусу гана ата жолун жолдоп жылкычылыкты аркалабаса, калган жетөө жогорку билим алган. Орто мектепти 1963-жылы аяктаган соң Фрунзе шаарындагы Айыл чарба институтунун зооветеринария факультетине тапшырат. Окуу жайды 1968-жылы артыкчылык диплому менен бүтүрүп, зоотехник кесибине ээ болот. Дипломун алган соң советтик армиянын катарында кызмат өтөп келет.

Чоң-Алайдагы ийгилик. Келечектеги саясатчынын алгачкы эмгек жолу 1969-жылы Ош облусунун Кара-Суу районундагы "Катта-Талдык" асыл тукум кой заводунда зоотехник болуп иштөөдөн башталат. Ишине тың, аракетчил Осмонов 1971-1972-жылдары Араван районунун айыл чарба башкармасына башкы зоотехниктикке, 26 жашында Алай районунун "Чоң-Алай" совхозуна директорлукка дайындалат. Осмонов башкарып турган төрт жылда бул совхоз ийгиликтерди жаратып, бүт өлкөгө аты чыкканы айтылып келет.

Саясатка аралашуу. Осмоновдун саясий карьерасы абдан тездик менен өсүп, 1978-жылы Алай райондук аткаруу комитетинин төрагасы, 1985-жылы партиянын Ош облустук комитетинин айыл чарба бөлүмүнүн башчысы кызматтарына дайындалат. 1988-жылдан баштап эки жыл партиянын Токтогул райондук комитетинин биринчи катчысынын кызматын аркалайт. 1990-жылы Жалал-Абад облустук кеңештин төрагалыгына шайланат.

Куугунтукка кабылган жетекчи. 1991-жылы жаңыдан уюшулган Жалал-Абад облусунун алгачкы губерантору болуп дайындалып, бул кызматта 1992-жылдын ноябрына чейин иштеген. 1990-жылдан баштап легендарлуу парламенттин, андан соң 1995-жылы Жогорку Кеңештин II чакырылышынын Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты болгон. Эл өкүлү болуп жүргөн кезинде да эч нерседен тайманбай оюндагысын айтып турган. Кесиптештери жада калса президентти да катуу сындаганын айтышат. Замандаштары анын жумуштан кетишине ошол убактагы чоң кызматкерлердин кысымы негиз болгон дешет. Себеби карапайым калкка ар дайым жакын болуп, эл үчүн иштеген Осмоновдун кадыры күн сайын өсүп турган. Облустун экономикасын көтөрүп, жолдорду оңдоп, Жалал-Абад телерадиокомпаниясын уюштурган. Олуттуу атаандаштан корккон өлкө жетекчилери ар кандай саясий оюндарды уюштуруп, саясий куугунтук көрсөтө башташкан. Кызматынан кеткенден кийин Ош облустук мамлекеттик администрациясында иштеп, облустук кеңештин төрагасы да болгон. Кийин өмүрүнүн аягына чейин Ош облусунун токой чарба башкармалыгынын директорлугун аркалаган. Осмоновго 1996-жылы "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасынын эмгек сиңирген ишмери" деген наам ыйгарылган.