AVN

ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИНИН ОКУТУУЧУЛАРЫНЫН АРАСЫНДА ӨТКӨРҮЛГӨН СПОРТТУК “ДЕН СООЛУК- 2021” СПАРТАКИАДАСЫНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ

ОРТО  КЕСИПТИК  БИЛИМ  БЕРҮҮ  МЕКЕМЕЛЕРИНИН ОКУТУУЧУЛАРЫНЫН  АРАСЫНДА  ӨТКӨРҮЛГӨН   СПОРТТУК   “ДЕН СООЛУК- 2021”   СПАРТАКИАДАСЫНЫН   ЖЫЙЫНТЫГЫ
 Mar 29, 2021  510

Бекмамат  Осмонов  атындагы  Жалал-Абад  мамлекеттик  университетине караштуу  орто  кесиптик  билим  берүү  мекемелеринин  окутуучуларынын арасында  өткөрүлүүчү  спорттук “Ден соолук-2021” спартакиадасы  өткөрүлдү. Спартакиада  Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун орто кесиптик билим берүү мекемелеринин спорттук байланышын бекемдөө, спорттук чеберчиликти өркүндөтүү боюнча тажрыйба алмашуу, окутуучулар арасында достукту чыңдоо, окутуучуларды сергек жашоого багыттоо, спорт менен машыккан окутуучулардын санын көбөйтүү максатында  өткөрүлдү.                                                                               Спорттук мелдештин программасы:

1.Волейбол  3 агай, 3 эжеке

2.Кичи футбол 3 агай, 2 эжеке

3.Шахмат 1 агай, 1 эжеке

4.Тогуз коргоол 1 агай, 1 эжеке

5.Стол  үстүндөгү  теннис  1 агай, 1 эжеке

Спартакиадага  Аксы колледжинин, Кара-Көл колледжинин, Майлуу-Суу колледжинин, Кочкор-Ата колледжинин, Жалал-Абад колледжинин, Медициналык колледжинин окутуучулары катышышты. Спартакиаданы ЖАМУнун администрациясы жана ЖАМУнун кесиптик кошуну каржылады. Мелдеш Спутник кичи шаарчасындагы АТФнын спорт сарайында өттү. Мелдешке алты команда катышып, эки  тайпага бөлүнүп, айлампа  системасы  менен беттешишти. Мелдеш спорттук оюндардын эрежелерине ылайык өткөрүлдү.

Жыйынтыгында: 1-орунга  18 упай менен  Жалал-Абад колледжинин командасы, 2-орунга 24 упай менен  Кочкор-Ата колледжинин командасы, 3-орунга 27 упай Кара-Көл колледжинин командалары  ээ болушуп, кубоктор, дипломдор  жана  акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Аксы колледжи, Майлуу Суу колледжи, Медициналык колледжинин командалары  активдүү катышкандыгы үчүн  дипломдорду алышты.

1.Волейбол оюну боюнча  1-орунду Жалал-Абад колледжи, 2-орунду Аксы

    колледжи, 3-орунга Кара-Көл колледжи 

2.Кичи футбол оюну  боюнча 1-орунду Майлуу Суу колледжи, 2-орунду

    Кочкор-Ата колледжи, 3-орунду Жалал-Абад колледжи

3. Стол үстүндөгү теннис (аялдар) боюнча 1-орунду Медициналык колледжи,

    2-орунду Кара-Көл  колледжи, 3-орунду  Жалал-Абад  колледжи

4. Стол үстүндөгү теннис (эркектер) боюнча 1-орунду Медициналык

    колледжи, 2-орунду  Кочкор-Ата колледжи, 3-орунду Кара-Көл колледжи

5.Шахмат оюну  боюнча  (эркектер) 1-орунду  Жалал-Абад колледжи, 2-

   орунду Кочкор-Ата колледжи, 3-орунду Аксы колледжи

6.Шахмат оюну боюнча (аялдар)  1-орунду Аксы колледжи, 2-орунду

   Медициналык колледжи, 3-орунду Жалал-Абад колледжи

7. Тогуз коргоол оюну  (эркектер) боюнча 1-орунду  Жалал-Абад колледжи, 2-

   орунду Кочкор-Ата колледжи, 3-орунду Майлуу-Суу колледжи

8. Тогуз коргоол оюну (аялдар)  боюнча 1-орунду Кара-Көл колледжи, 2-орунду

    Жалал-Абад колледжи, 3-орунду Кочкор-Ата колледждеринин командалары  ээ

     болушту.

  • ОРТО  КЕСИПТИК  БИЛИМ  БЕРҮҮ  МЕКЕМЕЛЕРИНИН ОКУТУУЧУЛАРЫНЫН  АРАСЫНДА  ӨТКӨРҮЛГӨН   СПОРТТУК   “ДЕН СООЛУК- 2021”   СПАРТАКИАДАСЫНЫН   ЖЫЙЫНТЫГЫ