AVN







ЖАҢЫ ЖЫЛЫҢ МЕНЕН БАЛАКАЙ

ЖАҢЫ ЖЫЛЫҢ МЕНЕН БАЛАКАЙ
 Dec 29, 2017  1026

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттери балдар үйүнүн тарбиялануучуларын майрамы менен куттукташты. Жыл жыйынтыкталып, жаңы жылдын алдында жаштарга майрамдык маанай таруулоо үчүн Сузак районундагы Октябрь айылындажайгашкан  Ж. Бөкөнбаев балдар үйүндө болушту.

Педагогика жана маалымат технологиялары факультетинин деканы п.и.к. доцент Сапарбек Ажыкулов  баш болгон  Башкаруунун автоматташтырылган системалары  кафедрасынын студенттери жана окутуучулар жааматы  “2018- Жаны Жыл” майрамына карата жогорудагы  балдар үйүнө жардам көргөзүштү. Аткарылган жардамдын максаты жаштарды мээримдүүлүккө үндөө, балдар үйүндөгү өспүрүмдөргө келечекке үмүтүн жандыруу, жакшы жүрүп турмушта өз ордун табууга стимул берүү  экенин айтат уюштуруучулар. Алардын айтымында бул жолу жалпы 37 балага жаны-жылдык белектер тапшырылып, концерттик программа тартууланды. Мындай саамалык бул менен эле токтоп калбайт. Алдыда дагы аярлуу катмардагы жарандарга да көмөк көргөзүү тилектери бар экенин билдиришти.

Белгилей кетсек аталган балдар үйүндө бүгүнкү күндө 37 бала тарбияланууда.

  • ЖАҢЫ ЖЫЛЫҢ МЕНЕН БАЛАКАЙ
  • ЖАҢЫ ЖЫЛЫҢ МЕНЕН БАЛАКАЙ
  • ЖАҢЫ ЖЫЛЫҢ МЕНЕН БАЛАКАЙ
  • ЖАҢЫ ЖЫЛЫҢ МЕНЕН БАЛАКАЙ
  • ЖАҢЫ ЖЫЛЫҢ МЕНЕН БАЛАКАЙ