AVN







КУРГАК УЧУК МЕНЕН КҮРӨШҮҮ БОЮНЧА ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯ

КУРГАК УЧУК МЕНЕН  КҮРӨШҮҮ БОЮНЧА  ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯ
 Mar 26, 2021  559

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медицина факультети тарабынан  ЖАМУнун чоң жыйындар залында Бүткүл дүйнөлүк кургак учук менен күрөшүү күнүнө карата “Кургак учук менен күрөшүүнүн актуалдуу маселелери жана аны чечүүнүн жолдору”  аттуу  илимий конференция болуп өттү. Конференциянын максаты – коомдук уюмдар жана медициналык мекемелерде кургак учук менен күрөшүү усулдарын түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, жарандарды өз ден соолугу үчүн күрөшүүгө чакыруу.

Илимий конференцияны Б. Осмонов атындагы  ЖАМУнун ректору

т. и. д., профессор К. Ж. Усенов ачып берди.  Конференциянын жүрүшүндө Кызыл жарым ай коомунун, областтык кургак учукка каршы күрөшүү ооруканасынын адистери жана университеттин окумуштуу-окутуучулар курамы тарабынан баяндамалар жасалды.

Конференциянын экинчи бөлүгүндө ЖАМУнун жетекчилиги жана областка караштуу Жалпы дарыгерлер практикалык борборлорунун ортосунда (иш берүүчүлөр)  студенттердипрактикадан өткөрүү боюнча кызматташуу меморандуму түзүлдү. Иш берүүчүлөр – Жалал-Абад областтык клиникалык оорукананын директору К. П. Ботокараев, Жалал-Абад областтык саламаттыкты сактоо координатору З. Ч. Орунбаева, областтын аймактык ооруканаларынан А. Ш. Досумбетова,

А. Д. Мамасыдыкова, Б. Э. Субанкулов, А. С. Жолдошев, Б. К. Кадыровалар кол коюшту.

  • КУРГАК УЧУК МЕНЕН  КҮРӨШҮҮ БОЮНЧА  ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯ
  • КУРГАК УЧУК МЕНЕН  КҮРӨШҮҮ БОЮНЧА  ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯ
  • КУРГАК УЧУК МЕНЕН  КҮРӨШҮҮ БОЮНЧА  ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯ