AVN







КУРГАК УЧУК АЙЫГАТ, ӨКҮМ ЭМЕС

КУРГАК УЧУК АЙЫГАТ, ӨКҮМ ЭМЕС
 Mar 25, 2021  1688

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 25-февралындагы №53-б, кургак учук оорусуна каршы күрөшүү боюнча бир айлык акция  жарыялоо жөнүндөгү буйругунун негизинде  “Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндөгү”  жана  “Кыргыз  Республикасынын  жарандарынын саламаттыгын  сактоо  жөнүндөгү”  Кыргыз  Республикасынын мыйзамдарына  ылайык  Б.Осмонов  атындагы  Жалал-Абад  мамлекеттик университетинин  2021-жылдын  1-мартындагы  №9 буйругунун  негизинде 2021-жылдын  24-февралынан  24-мартына  чейин  кургак  учук  оорусун алдын  алуу жана бир айлык акция жарыялангандыгына байланыштуу  медицина колледжинде кургак учуктун алдын алуу максатында  иш-чаралар өткөрүлдү. Колледждин  тарбия иштер боюнча директордун орун басары Г.И.Темирбаева тарабынан бир айлык иш план иштелип чыгып, иш пландын негизинде кургак учук менен ооруган бейтаптарды колдоо максатында лекция, көргөзмө, куратордук сабактар  өткөрүлдү . Кураторлор тарабынан  “Дени сак жашоо образын түзүү, ден-соолукту сактоо, бекемдөө”  деген темада ар бир тайпага куратордук сабактар өтүлүп, кургак учук оорусу боюнча кеңири маалыматтар берилип жатты.

Тайпалар  арасында “Биз кургак учукка каршыбыз” аталышындагы көргөзмө уюшулду. Көргөзмөгө студенттер активдүү катышышып,  ар бир тайпадан бирден плакат   кургак учук оорусун ким ачкан, кургак учуктан  сактануу жолдору, жугуу жолдору, дарылоо жолдору деген темаларда  сүрөттөр тартылып, фойеге көргөзмө жайылды.

Ден-соолукту чыңдоо борборунун адиси  Төрөбекова Шайлоокан  тарабынан студенттерге “Кургак учуктун жугуу жолдору, дарылануу жолдору”  деген темада лекция өткөрүлдү. Лекцияга студенттер активдүү катышышып, өздөрүнүн кургак учук боюнча суроолорун беришип, лекциялык сабак өттү. Ар бир иш-чара тарбия иштер боюнча директордун орун басары Г.Темирбаева жана жаштар комитети тарабынан өткөрүлүп жатты. Окутуучулар жана студенттер кургак учуктун алдын алуу максатында  кургак учукка карата бир айлык  иш-чараларга   активдүү катышышып,  аз да болсо өз салымдарыны кошушту.

  • КУРГАК УЧУК АЙЫГАТ, ӨКҮМ ЭМЕС
  • КУРГАК УЧУК АЙЫГАТ, ӨКҮМ ЭМЕС
  • КУРГАК УЧУК АЙЫГАТ, ӨКҮМ ЭМЕС
  • КУРГАК УЧУК АЙЫГАТ, ӨКҮМ ЭМЕС
  • КУРГАК УЧУК АЙЫГАТ, ӨКҮМ ЭМЕС
  • КУРГАК УЧУК АЙЫГАТ, ӨКҮМ ЭМЕС