AVN







“НООРУЗ КӨКТӨМ МАЙРАМЫ”

“НООРУЗ КӨКТӨМ МАЙРАМЫ”
 Mar 23, 2021  787

Нооруз-аруулуктун, тазалыктын, жаңылануунун майрамына карата Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медициналык колледжинде 21-март Нооруз майрамына карата окутуучулар жана студенттер арасында  «Нооруз көктөм майрамы» деген   майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Иш-чара  Нооруз майрамын, улуттук тамактарды, улуттук каада салттарды, улуттук оюндарды даңазалоо, бирин бири сыйлоо, урматтоо, ынтымактыкты сактоо максатында өткөрүлдү.

Иш-чарада ар бир адистиктерге   улуттук тамактардын түрлөрү боюнча сынак өткөрүлдү. Сынакка фармация, дарылоо иши, медайымдык иш, акушердик иш адистигинде окуган 1-2-3-курсттун студенттери катышышты. Иш-чараны медициналык колледжинин директору, доцент А.Эгембердиева ачып, Нооруздун тарыхын айтып, окутуучуларды жана студенттерди Нооруз майрамы менен куттуктап өттү. Иш-чарага ата-энелерден Назаркулова Жамила, ЖАМУнун медициналык пунктун башкы дарыгери  Ибраимова Нурсулуу, Мамлекеттик тил бөлүмүнүн адиси Базарбек кызы Умсунайлар конок болуп келишти. Иш-чарада студенттер тарабынан Нооруздун тарыхы, Кыргызстан, жер, эне, мекен жөнүндө ырлар аткарылып. Кыргыздын улуттук каада салттарынан “Кызга сөйкө салуу”, улуттук оюндардан “Тушоо кесүү” оюну ойнотулду. Студенттерден куралган  “Медлайн”  командасынан  тамашоу  тартууланды. Улуттук тамактарды баалоо боюнча калыстар тобу түзүлдү. Калыстар тобу ата-энелерден Назаркулова Жамила, ЖАМУнун медициналык пунктун башкы даарыгери  Ибраимова Нурсулуу, Мамлекеттик тил бөлүмүнүн адиси Базарбек кызы Умсунай, колледждин профсоюз уюмунун төрайымы  Алимбаева Гүлбара, медайымдык иш адистигинин окутуучусу Осмоналиева Мээркан, дарылоо иш адистигинин окутуучусу Тахирова Айгеримдер шайланышып, улуттук тамактардын түрлөрүн эсептеп, баалап чыгышты.                                                                                                                Жыйынтыгында: 1-орунду 796 упай менен Фармация адистигинин студенттери уюштурган жетекчиси С.Абазова,   2-орунду  787 упай менен Медайымдык иш адистигинин студенттери уюштурган жетекчиси Д.Болотова, 3-орунду 702 упай менен Акушердик иш адистигинин студенттери  уюштурган  жетекчиси А.Примкулова, 4-орунду 572 упай менен Дарылоо иш адистигинин студенттери уюштурган жетекчиси К.Хайткуловалар  ээ болушуп, баалуу белектер менен сыйланышты. Баалуу белектерди   ЖАМУнун  МТ  жана  СИ  боюнча  проректору  АД.Доранова  тарабынан  “Маамыр баатыр” китебинен 2 даана, 2 блокнот берилди.  Иш-чараны  медициналык  колледжинин  директордун орун  басары  Г.И.Темирбаева,  окутуучу А.Ж.Сатарова жана жаштар комитети тарабынан уюшулуп,  жогорку денгээлде өткөрүлдү. Иш-чарага кураторлор жана  студенттер активдүү катышышты.

  • “НООРУЗ КӨКТӨМ МАЙРАМЫ”
  • “НООРУЗ КӨКТӨМ МАЙРАМЫ”
  • “НООРУЗ КӨКТӨМ МАЙРАМЫ”
  • “НООРУЗ КӨКТӨМ МАЙРАМЫ”
  • “НООРУЗ КӨКТӨМ МАЙРАМЫ”