Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде профессордук-окутуучулардын жана кызматкерлеринин “Ден соолук – 2021” спартакиадасы башталды.
“Ден соолук – 2021” спартакиадасында спорттун 6 түрү боюнча аркан тартыш, тогуз коргоол, шахмат, стол үстүндөгү теннис, футбол жана волейбол боюнча таймаш жүрөт. Оюнга жалпы 9 команда катышат, алар административдик башкаруу корпусу, ЭЮФ, ТТФ, ПМТФ, мед фак, ФФ, ЖАК, мед колледж жана кенже көмөкчү кызматкерлер.
Ачылуу аземинде окуу жайдын ректору Кеңешбек Усенов сөз сүйлөп, катышуучуларга ийгилик каалап өттү. Спорттук майрамдын байге фондуна 180000 сом коюлганын айтып, спартакиаданы ачык деп жарыялады. Ошондой эле ректорат менен профсоюз уюму биргеликте командаларга жогорку сапаттагы 170 даана спорттук формалар тапшырылды.
Пандемия шартына байланыштуу баардык санитардык нормалар сакталып, медициналык пунктунун кызматкерлери катышуучулардын ден соолугун көзөмөлдөп турушту. Ал эми ЖАМУнун Маданий-эстетикалык борборунун кызматкерлери концерт тартуулашты.