AVN







НООРУЗ МАЙРАМЫҢЫЗДАР МЕНЕН!

НООРУЗ МАЙРАМЫҢЫЗДАР МЕНЕН!
 Mar 20, 2021  581

Урматтуу Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамы, кызматкерлери жана студенттер!

Сиздерди  жазды сүйүнчүлөгөн,  тынчтык, бакубатчылык жана тилектештиктин символу болуп, кылымдарга созулган— Нооруз майрамыбыз менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Табигатты ойготуп, ага жаңы көрк берип турган бул эң сонун майрам адамдарды жакшы иштерди жасоого үндөйт.

Бул жазгы майрам Нооруздун бай каада-салтын урматтап келген биздин элдерге жайдары көңүл, кубаныч жана берекелүү жашоо тартууласын. Жергебизде тынчтык, токчулук, молчулук орун алсын. Баарыңыздарга бекем ден соодук, үй-бүлөлүк бакыт, жеке жашоодо, жумушуңуздарда ийгиликтер арбын болсун!