AVN







“БИЗ БИРГЕЛИКТЕ КУРГАК УЧУКТУ ЖЕҢЕБИЗ”

“БИЗ   БИРГЕЛИКТЕ   КУРГАК   УЧУКТУ   ЖЕҢЕБИЗ”
 Mar 18, 2021  724

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медицина колледжинин студенттери 24-март Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата уюшулган диспутка катышып, биринчи орунду ээлешти.

Жалал-Абад шаарындагы  медициналык колледждеринин студенттери арасында 2021-жылдын 16- мартында К.Ш.Токтоматов атындагы Эл аралык университетинин  БАЗында  диспут өткөрүлдү. Диспут  кургак учук менен  ооруган  бейтаптарга  колдоо  көрсөтүү максатында  “Доор” ,  “USAID”   жана  “Кызыл Ай коому”  тарабынан уюштурулду. Диспутка Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медициналык колледжинин  студенттеринен  куралган   “Сергек жашоо”   командасы, К.Ш.Токтоматов атындагы Эл аралык университетинин Эл аралык медициналык колледжинин  студенттеринен  куралган “Ден-соолук” командасы  жана  Жалал-Абад  медициналык  колледжинин  студенттеринен куралган  “Белая  ромашка”  командалары  катышышты. 

                                                      Диспут  түзүлгөн  3 программанын негизинде  өткөрүлдү.

  1. Саламдашуу (Команданын  атын чечмелөө)
  2. Видеоролик (Кургак учукка байланыштуу)
  3. Суроо-жооптор (Кургак учук боюнча ар бир командага 3төн суроо берилди,  ар бир берилген суроо жооптордун  маанисин  кароо).

Медициналык  окуу  жайынын   студенттери  өздөрүнүн  билимдерини, таланттарыны  жогорку  денгээлде  көрсөтө  алышты. Диспут жогорку денгээлде өттү.

Жыйынтыгыда:1-орунга  37 упай менен Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медициналык колледжинин студенттеринен куралган “Сергек жашоо” командасы, 2-орунга 36 упай менен К.Ш.Токтоматов атындагы Эл аралык университетинин Эл аралык медициналык колледжинин  студенттеринен  куралган  “Ден-соолук”  командасы, 3-орунга 34 упай менен  Жалал-Абад медициналык колледжинин студенттеринен куралган “Белая ромашка” командалары  ээ болушту.  Жеңүүчүлөр   дипломдор  жана  баалуу  белектер  менен  сыйланышты.   

  • “БИЗ   БИРГЕЛИКТЕ   КУРГАК   УЧУКТУ   ЖЕҢЕБИЗ”
  • “БИЗ   БИРГЕЛИКТЕ   КУРГАК   УЧУКТУ   ЖЕҢЕБИЗ”
  • “БИЗ   БИРГЕЛИКТЕ   КУРГАК   УЧУКТУ   ЖЕҢЕБИЗ”
  • “БИЗ   БИРГЕЛИКТЕ   КУРГАК   УЧУКТУ   ЖЕҢЕБИЗ”
  • “БИЗ   БИРГЕЛИКТЕ   КУРГАК   УЧУКТУ   ЖЕҢЕБИЗ”