AVN

С. ИСАКОВ ЖАМУНУН СТУДЕНТТЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

С. ИСАКОВ ЖАМУНУН СТУДЕНТТЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
 Dec 26, 2017  1883

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков 26-деабрь күнү Жалал-Абад мамлекеттик университетинде иш сапары менен болду. Премьер-министрди коштоп, Билим берүү жана илим министри Гулмира Кудайбердиева баштаган делегация келди.

Иш сапардын жүрүшүндө Сапар Исаков окуу жайдын AVN ситемасындагы автоматташтырылган окуу процесси, тесттик борборлор, студенттер жана ата-энелер үчүн иштеп жаткан KelBil мобилдик тиркемесинин кызматтары менен  жакындан таанышып, “Америка ордосу” ресурстук борбору, “Конфуций” институту жана башка университеттин окуу бөлүмдөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүнөн кабар алды.       

КРнын Премьер-министри Сапар Исаков өз сөзүндө “Жалал-Абад мамлекеттик университети студенттердин заманбап билим алуусуна толук мүмкүнчүлүктөрдү түзүп бериптир. Азыркы кездин негизги талабы болгон комьютердик техника  менен жеткиликтүү деңгээлде камсыздалган. Окуу процессинин автоматташтырылышы, электрондук модуль, экзамендердин жүрүшү бул азыркы заман талабы болуп саналат. Айта кетүүчү нерсе студенттерге жакшы шарттар түзүлгөн. Жаштар тил үйрөнүп, дүйнө таанымын кеңейтүү  маселеси да чечилген. Кыскасын айтканда көпчүлүк чоң окуу жайлардан билим берүүдөгү мумкүнчүлүктөрү бийик, учурдун талабына толук кандуу жооп бергени менен алдыда экенин  байкадык. КРнын Билим берүү жана илим министри Гулмира Кудайбердиевага, ЖАМУнун жетекчилигине жана жалпы жамаатына ыраазычылык билдирем. Ошондой эле “Таза коом”, “Жаңы доорго” 40 кадам долбоорлорунун алкагында жакшы  иш жүрүп жатканын көрдүм. Келечектин ээлери болгон жаштарыбыз татыктуу билим алып жатканы албетте кубандырат” – деген оюн билдирди.

Андан соң ал ЖАМУнун чоң жыйындар залында студенттер менен жолугуп, алардын суроолоруна жооп берди. Негизинен жаштар өлкөнүн экономикалык өнүгүүсу, “Таза коом” долбоору, гендердик саясат, мигранттардын маселеси  жана башка  суроолорун узатышты. Өкмөт башчыга жогорку деңгээлде суроолорду узатуу менен  аталаган  университеттин билим берүүдөгү абалынын жогору экенин байкаса болот.

Жолугушуу учурунда С. Исаков жакшы суроо берген студенттер Жылдыз Даниярова, Алтынай Базарбай жана Акай Болотбековго  өзүнүн белеги ыйгарылаарын айтты.

  • С. ИСАКОВ ЖАМУНУН СТУДЕНТТЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ