AVN

24-март – кургак учук менен күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк эл аралык күнү

24-март – кургак учук менен күрөшүүнүн  бүткүл дүйнөлүк эл аралык күнү
 Mar 17, 2021  2149

ЖАМУнун медицина факультетинин 6-курсунун студенттери шаардын орто мектептерине барышып, 24-март – кургак учук менен күрөшүүнүн  бүткүл дүйнөлүк эл аралык күнүнө карата кургак учукту  алдын алуу иш чараларды  өткөзүштү.

Учурда жер жүзүндө 9 миллиондон ашуун адам бул илдет менен ооруйт. Кыргызстан кургак учуктун оор түрү менен катталган 27 өлкөнүн катарына кирет дешет адистер. Өлкөдө жыл сайын жүздөгөн адамдар  аталган ооруга кабылып, басымдуу бөлүгү оор түрү менен жабыркашат. Алардын дээрлик

99 пайызы аба аркылуу жуктуруп алгандар. Бул илдет оңой эле жугат. Бирок андан сактануунун жолдору  дагы анча татаал эмес. Кургак учуктан толук айыгууга мүмкүн. Ал үчүн ооруга чалдыккан адамдар өз учурунда дарыгерлерге кайрылып, дары-дармектерди өз убагында кабыл алып туруусу керек. Ошондой эле дарыгерлер оорулуу жана анын айланасындагы адамдар өздүк  гигиенаны сактоо зарылдыгы тууралуу маалыматтарды беришти.

Студенттер кургак учук боюнча слайдарды көрсөтүштү, андан сырткары санитардык эрежелер боюнча көргөзмөлүү түшүндүрүүгө жетишти.

  • 24-март – кургак учук менен күрөшүүнүн  бүткүл дүйнөлүк эл аралык күнү