AVN







АК КАЛПАК-УЛУТ СЫЙМЫГЫ

АК КАЛПАК-УЛУТ СЫЙМЫГЫ
 Mar 17, 2021  984

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жалал-Абад колледжинде  БКМк-3-20 тайпасынын куратору Маткаримова Эльнура 5-март  ак калпак күнүнө карата  «Ак калпак-улут сыймыгы» деген темада куратордук ачык сабак өттү.

Куратордук сааттын максаты:

  1. Улуттун жүзү болгон ак калпак менен кеңири таанышышат;
  2. Калпактын түрлөрү, символикасы жана жашына жараша кийүүнү үйрөнүшөт;
  3. Улуттук ак калпагыбызды даңазалап, барктап кийүүгө, улуттук баалуу мурас катары сактоого тарбияланышат.

Сабактын жүрүшү:

Мен силерге келип турат даңктагым

Кадимки эле кыргызымдын калпагын.

Анда эмесе баарың  кулак салып тур,

Ак калпактын улуулугун айтайын.

 

  1. Ак  калпак тууралуу слайд көрсөтүлөт.
  2. Ак калпак жөнүндө төгүп ырдайт.
  3. Калпактын тарыхы
  4. Калпактын жасалышы
  5. Калпактын түрлөрү
  6. Калпактагы оюмдардын мааниси
  7. Калпак жөнүндө элдик макалдар
  8. Көркөм окуу
  9. Калпак тууралуу уламыш
  10. Жеке номер

           Ак мөңгүлүү Ала-Тоонун сереси,

          Ак калпакка чөгөрүлгөн элеси.

Ак калпакты алтынга да алмашпа,

Бул кыргыздын эң бир ыйык элеси.

Б. Осмонов атындгы ЖАМУнун Мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы: К.Калчакеев Окуу иштери боюнча директордун орун басары: А. Маматумаров Тарбия иштери боюнча орун басары: Абдурахимов Н.К. ачык сабакка катышып,  кыргыздын улуттук ак калпагы тууралуу өз сөздөрүн сүйлөштү.

  • АК КАЛПАК-УЛУТ СЫЙМЫГЫ
  • АК КАЛПАК-УЛУТ СЫЙМЫГЫ
  • АК КАЛПАК-УЛУТ СЫЙМЫГЫ
  • АК КАЛПАК-УЛУТ СЫЙМЫГЫ