AVN







ТАЗАЛЫК- АР БИРИБИЗДЕН БАШТАЛАТ

ТАЗАЛЫК- АР БИРИБИЗДЕН БАШТАЛАТ
 Mar 17, 2021  663

Айлана-чөйрөнү жашылдандыруу  жана көрктөндүрүү  үч айлыгынын алкагында Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медициналык колледжинде ишембилик өткөрүлдү.  Актоо, тазалоо иштеринен  сырткары   бак-дарактарды отургузуу  жумуштары аткарылды.   

 Медициналык колледжинин  ишембиликке активдүү катышкан окутуучулары Сайранбаев Ж, Термечикова С, Ормогоева А, Пирматова Ж, Примкулова А, Чымбердиева Г, Тахирова А, Болотова Д, Насипова А, Осмоналиева М, Юсупова Ч, Садирбек кызы Э, Абазова С, Бакалаева Л, Бекболотова Э, Казакова Р, Пратова М,  Тургунов Э, Баитова Н, Нарынова А, Аттокурова З, Мамасадыкова А, Жолдошев К, Алимова А, Байгозуева Н, Балываева Ш, Искендеров А,  Өсөрова Ж, Самидинова Л, Молдобакирова Алтынайлар жана офлайн сабакка келген студенттер, комендант баш болгон  көмөкчү кызматкерлер  имараттын  айлана-чөйрөсүн көрктөндүрүү, жашылдандыруу, санитардык абалын жакшыртуу жана үч айлыкты  өткөрүү максатында ишембиликке өз салымдарын кошушту.

Медициналык колледжинин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Г.Темирбаева окутуучуларга, студенттерге, көмөкчү кызматкерлерге түзүлгөн графиктин негизинде жерлерди бөлүп берип, колледждин айланасындагы жалбырактарды тазалашып, бак-дарактарын, жандуу изгороддорду буташып  жана Олимпийский,   Фабричная, Р.Азимова, А.Орозбаев, М.Ботбаев  көчөлөрүндөгү таштандыларды   теришип  тазалашып  иретке  келтиришти. “Таза жашоо – таза коом”  деген ураан менен  мамлекеттин өнүгүшүнө аз да болсо өз салымдарын кошушту.  Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков  тазалык- ар бирибизден башталат деп ишембиликте жүрүп жаткан иштер менен таанышып,  ишембиликке  салымын кошуп  жаткан  колледждин  жалпы  жамаатына  өз  ыраазычылыгын  билдирип  кетти.  

  • ТАЗАЛЫК- АР БИРИБИЗДЕН БАШТАЛАТ
  • ТАЗАЛЫК- АР БИРИБИЗДЕН БАШТАЛАТ
  • ТАЗАЛЫК- АР БИРИБИЗДЕН БАШТАЛАТ