AVN







ЖАКТЫН ДЕНЕТАРБИЯМУГАЛИМДЕРИМЕКТЕПТЕРДЕ

ЖАКТЫН  ДЕНЕТАРБИЯМУГАЛИМДЕРИМЕКТЕПТЕРДЕ
 Mar 16, 2021  601

Жалал-Абад колледжинин «Педагогикалыкжанасоциалдыкиштер” бөлүмүнүн дене тарбия ПЦКсынын   дене тарбия мугалимдери  М.Разаков, Ж.Ажыкулов,Э.Мадиярова, куратор Ж.Мамасалиев  жана ЖАКтын өндүрүштүк окуу иштери боюнча директордун орун басары Ү.Т.Кайкиева мамлекеттик практикада жүргөн ДТк-2-18 тайпасынын студенттеринен   кабар алып,усулдук жардам  көрсөтүү максатында Базар-Коргон районундагы  №18 А.Тагаев, №36 С.Балтабаев,№17  С.Далбаев,№7.М.Мамбеталиев мектептерине барышып,студенттердин сабактарына катышып,документация иштерине, план-конспектилердин жазылышына, мектепте өтөрүлүп жаткан иш-чаралардын  пландарына жардам берип  келишти. Мындан сырткары, ар бир мектептин жетекчилери, окуу иштери боюнча бөлүм башчылары, дене тарбия окутуучулар менен биргеликте пикир алышып, студенттерге эки тараптуу жардам берилишин жана мамлекеттик практика учурунда  студенттер мектеп жана окуу жайдын ортосундагы негизги көпүрө экендиги    мындан ары да, мектептер менен тыгыз иштешүү боюнча ой-пикирлер айтылды.

№18 А.Тагаев атындагы орто  мектепте практикада жүргөн Мавлянбек уулу Нурбек жана Акбаралы уулу Дастандар практиканын ар бир күнүндө мектепте болушуп, сабактарын үзгүлтүккө учуратпастан өтүп жаткандыгын окуу бөлүмүнүн башчысы А.Акматкулова жана дене тарбия мугалими Ж.Тагаев тастыкташты жана ар бир сабакка план-конспектилерди жазып,күндөлүктөрдү өз учурунда толтуруп жаткандыгын,окучуулар  менен кызыктуу сабактарды өтүп жаткандыгын баса белгилешти.

Жалал-Абад колледжинин дене тарбия окутуучулары ушуну  менен гана чектелбестигин,19-мартында башка аймактарга  мамлекеттик практикага чыккан студнттер менен офлайн форматта рефлекциялык конференция болоорун айтышты.

  • ЖАКТЫН  ДЕНЕТАРБИЯМУГАЛИМДЕРИМЕКТЕПТЕРДЕ
  • ЖАКТЫН  ДЕНЕТАРБИЯМУГАЛИМДЕРИМЕКТЕПТЕРДЕ
  • ЖАКТЫН  ДЕНЕТАРБИЯМУГАЛИМДЕРИМЕКТЕПТЕРДЕ