AVN







КУРГАК УЧУККА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ АКЦИЯСЫ

КУРГАК УЧУККА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ АКЦИЯСЫ
 Mar 11, 2021  586

Кургак учукка каршы күрөшүүнүн бир айлык акциясынын алкагында ЖАМУнун медициналык пунктунун кызматкерлери тарабынан  тегерек стол уюштурулду. Ага ЖАМУнун мамлекеттик тил жана социалдык маселелер боюнча проректору Доранова Айгүл, Жалал-Абад шаарынын кургак учукка каршы диспанссеринин башкы дарыгери Ормоков Акылбек, Ден соолук борборунун адиси Төрөбекова Шайлоокан, Кызыл Ай коомунан Раманкулова Шахзада жана окуу жайдын окутуучулары, студенттер катышышты.

Жалал-Абад шаарынын кургак учукка каршы диспанссеринин башкы дарыгери Ормоков Акылбек кургак учук жөнүндө маалыматтарды айтып, андан коргонуунун жолдорун түшүндүрдү. Кургак учукка кабылган адам түрүнө карап 3 айдан 3 жылга чейин дарылануусу абзел. Туура дарылануу аркылуу бул дарттан 100 пайыз айып кетсе болот. Өзүбүздүн жана жакындарыбыздын ден соолугуна кам көрүү ар бирибиздин колубузда – дейт А. Ормоков.

Дүйнө жүзүндө жылына 8-10 миллион адам кургак учук менен жабыркаса, анын 5-6 миллиону жугуштуу түрү менен оорушат. Анын ичинен 2-2500 миллину аталган дарттан каза болушат. 1 оорулуу адам бир жылда 10-15 адамга жугузат, ошондо бир секндда   бир адамга жугат. Ал эми Жалал-Абад шаарын алып карасак, 2019-жылы 78 адам кургак учукка чалдыкса, 2020-жылы 72 оорулууну түздү” – деп  кошумчалады Жалал-Абад шаарынын кургак учукка каршы диспанссеринин башкы дарыгери Ормоков Акылбек.

  • КУРГАК УЧУККА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ АКЦИЯСЫ
  • КУРГАК УЧУККА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ АКЦИЯСЫ
  • КУРГАК УЧУККА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ АКЦИЯСЫ
  • КУРГАК УЧУККА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ АКЦИЯСЫ