AVN







АСЫЛЗАТ АЙЫМДАР

АСЫЛЗАТ АЙЫМДАР
 Mar 11, 2021  932

Б.Осмонов атындагы  Жалал-Абад  мамлекеттик  университетинин медициналык  колледжинин  студенттер жана окутуучулар арасында 8-март Эл аралык айымдардын  майрамына карата иш-чаралар өткөрүлдү. Иш-чарага келген   студенттер окутуучу айымдарды куттукташып, белектер менен тосуп алышты.  Медициналык  колледжинин  студенттеринин  арасында  “Асылзат  айымдар” аталышындагы  сынак   Ад-1-20, Сд-1-20, Сд-2-20, Лд-1-20 тайпаларынын арасында болуп өттү.

Сынактын программасы:

1.Саламдашуу, команданын атын чечмелөө (эмблема, плакат колдо тартылган болсун (5-7минут)).

2.Интермедия (8-мартка карата 15-20минут)

3. Кыргыз бийи (3-5 минут)

4.суроо-жоп  (Өздөрүнүн кесибине жараша (8-10 минут)

5.Жеке номер (эне, апа,кыздар жөнүндө (5 минут)

6.Кыздардын кол өнөрчүлүгү (ар түрдүү нерселерден гүл даярдоо.

   Мисалы: түрдүү салфеткалардан, жылтырак, газета,

   журналдардан ж.б. гүлдөрдү 1 күн мурда даярдоо).

Сынакка Лд-1-20 тайпасынан “Байчечекей” командасы, Сд-2-20 тайпасынан “Курманжан Датка” командасы, Ад-1-20 тайпасынан “Жоогазын” командасы, Сд-1-20 тайпасынан “Датка” командалары катышып, ыр, бий, интермедия  аткарышып, өздөрүнүн таланттарыны  жогорку денгээлде  көрсөтө алышты.

Сынактын жыйынтыгында: “Баш байгеге”  216 упай менен Лд-1-20 тайпасынын “Байчечекей” командасы, 1-орунга  205 упай менен Сд-1-20 тайпасынын “Датка” командасы, 2-орунга 198 упай менен Ад-1-20 тайпасынын “Жоогазын” командасы, 3-орунга 197 упай менен Сд-2-20 тайпасынын “Курманжан Датка” командалары ээ болушуп, медициналык колледжинин дипломдору жана баалуу белектер менен сыйланышты.

  • АСЫЛЗАТ АЙЫМДАР
  • АСЫЛЗАТ АЙЫМДАР
  • АСЫЛЗАТ АЙЫМДАР
  • АСЫЛЗАТ АЙЫМДАР