5-март Ак калпак күнүнө карата Табигый-техникалык факультетинин Химия кафедрасынын Х-1-19 тайпасында “Ак калпагым сыймыгым, асыл таажым” – деген темада куратордук саат өткөрүлдү.
Куратордук саатка кафедра башчысы Н .Б. Арстанбекова жана башка курстардын студенттери катышышты. Кафедра башчысы куратордук саатты ачып берип жатып, студенттерди ак калпак күнү менен кызуу куттуктап, калпак бул кыргыздын сыймыгы, табылгыс байлыгы жана улуу мурасы экендигине токтолду.
Куратордук сааттын жүрүшүндө Хакимова Мохинур, Алмазбек кызы Мээрим, Нусратова Винера, Кенжаева Мехрибону улуттук баш кийим -кыргыздын ак калпагын сактоо жана сыйлоо, улуттук каада-салтты колдоо максатында 2016-жылдан бери белгиленип келе жаткандыгына токтолушуп, ак калпак тууралуу кеңири маалыматтарды беришсе, Инамуддинов Фахридин Талантбек кызы Акдаана, Рахманкулова Айбектер ак калпакты даңазалап ырларды окуп беришти. Тайпанын калган студенттери да активдүү катышып өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Иш чара zoom платформасы аркылуу уюштурулду.