AVN







АК КАЛПАКТЫ АЛТЫН БАШКА ТЕҢЕГЕН

АК КАЛПАКТЫ АЛТЫН БАШКА ТЕҢЕГЕН
 Mar 10, 2021  688

5- март Ак калпак күнүнө карата Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасынын  Информатика жана эсептөө техникасы адистигинин  жалпы студенттеринин жана окутуучуларынын катышуусунда "Ак калпакты алтын башка теңеген" деген темада тегерек стол болду. Ак калпак кылымдарды карыткан кыргыз элинин улуттук баш кийими, анын жаралуу тарыхы элибиздин басып өткөн жолу менен тыгыз байланыштуу.

Тегерек столдун максаты студенттерди мекенди сүйүүгө, патриоттуулукка, улуттук маданий мурастарыбызды тарыхын билүү менен көздүн карегиндей сактоого тарбиялоо.

Ак калпак кыргыз эли үчүн кандай мааниге ээ , ошондой эле кыргыз тили, кыргыз элинин улуттук кийимдери улуу элдин уңгусу, маңызы экендиги баарыбызга белгилүү. Ак калпагыбыз ак карлуу Ала-Тоону элестеткен, бийиктикти билдирген касиети бийик баш кийим. Аны улуттук символдорубуздун бири катары кабыл алып, сыймыктанышыбыз керек. Эзелтен элибиз калпактын өңүнө, тигилишине карап, кийген адамдарды ажырата билишкен. Кыргыз элинин даанышман, көрөгөч эл экенин алардын кийген кийиминен, бизге калтырган мурастарынан билишибиз керек” - деп билдирди кафедра башчы Ажыкулов С.М.

Ар бир кыргыздын уул-кызы өз улуту менен сыймыктанып, аны жакшы сапаттары менен, үрп-адат, каада-салттары менен дүйнөгө таанытышы абзел. Келечек ээлери элибизди ааламга жакшы сапаттары менен таанытып, кыргыздын кыйындыгын даңазалоо парзыбыз деген ойлор ачык сабак учурунда айтылды.

  • АК КАЛПАКТЫ АЛТЫН БАШКА ТЕҢЕГЕН
  • АК КАЛПАКТЫ АЛТЫН БАШКА ТЕҢЕГЕН
  • АК КАЛПАКТЫ АЛТЫН БАШКА ТЕҢЕГЕН