AVN







Асманда жарык көрсөң жылдыз деп бил,ак калпак кийгендерди кыргыз деп бил”- куратордук саат

Асманда жарык көрсөң  жылдыз деп бил,ак калпак кийгендерди кыргыз деп бил”- куратордук саат
 Mar 9, 2021  741

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин БКМк-02-20 тайпасынын куратору Ү.Т.Кайкиева 5-март ак калпак күнүнө  карата                “Асманда жарык көрсөн  жылдыз деп бил,ак калпак кийгендерди кыргыз деп бил”деген темада куратордук саат өттү.

Жылда 5-мартта Кыргызстанда улуттук баш кийим  ак калпактын урматына ак калпак күнү белгиленет. Жогорку Кеңештин 2016-жылдын 29-июнундагы №825-VI токтому  менен улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салтты колдоо жана элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында кабыл алынган. Ак калпак күнү расмий эмес түрдө 2011-жылы майрамдала баштаган. Күндү белгилөөнүн инициатору катары режиссер Р.Жабиров болгон. Анын сөзү боюнча ак калпак, улуттук символ катары кийинки муундар тарабынан унутта калбаш керек,ошондуктан ал өзүнүн майрамдык датасына ээ болуш керек деген ойлорун билдирген. Жылдан-жылга майрамдык күн популярдулукка ээ болуп, 2016-жылы расмий статус алган.

Бул сабакта ак калпактын тарыхы,символикасы, калпактын жасалышы жана түрлөрү, колдонулушу жөнүндө  маалыматтар  берилди.Ошондой эле студенттер да  калпактын тарыхы,символикасы, жасалышы, анын түрлөрү боюнча өздөрү билген маалыматтарды бөлүшүштү жана азыркы учурда калпактын  ыйык баш кийим экендигин баалап,барктап, келечек муундарга даңазалап, майрам күндөрү эле эмес, ар дайым кийүүгө,баалулугун көтөрө билүүгө көмөктөш экендигин билдиришти.

Мындан сырткары өздөрү даярдаган ырлардан көркөм айтышып, накыл сөздөрдүн маанилерин чечмелешти. Студенттер сабакка активдүү катышышты, өздөрүнүн ой-пикирлерин бөлүшө алышты.куратордук саат Хамидилло кызы Зийнатхон, Алтынбек кызы Мырзагүлдөрдүн даярдаган слайд,видеолору жана куттуктоолору менен жыйынтыкталды.

  • Асманда жарык көрсөң  жылдыз деп бил,ак калпак кийгендерди кыргыз деп бил”- куратордук саат
  • Асманда жарык көрсөң  жылдыз деп бил,ак калпак кийгендерди кыргыз деп бил”- куратордук саат