AVN







КАЛПАК КЫРГЫЗДЫН УЛУТТУК ДӨӨЛӨТТӨРҮНҮН КӨРӨНГӨСҮ

КАЛПАК   КЫРГЫЗДЫН   УЛУТТУК   ДӨӨЛӨТТӨРҮНҮН  КӨРӨНГӨСҮ
 Mar 9, 2021  517

Б.Осмонов атындагы  Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медициналык колледжинин студенттеринин арасында 3-март Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусунун  жана  5-март Ак калпак күнүнө карата иш-чаралар  өткөрүлдү.   3-март Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусунун  жана 5-март Ак калпак күнүнө карата  лекциялык сабак уюштурулду.    Медициналык колледжинин директору, доцент А.Д.Эгембердиева студенттерге лекторду тааныштырып өттү.  

ЖАМУнун  ПМТФнын  “Тарых” кафедрасынын доценти  Анарбаева  Гүлнара “3-март Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусунун  жана  5-март Ак калпак күнүнүн тарыхы” деген темаларда лекция окуду. Лекциянын жыйынтыгында студенттер өздөрүнүн  кызыккан суроолорун беришти. Медициналык колледжинде 1-2-3-курсттардын студенттери  арасында  3-март Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туу күнүнө карата  “Кыргыз барда кыргызымдын желеги, кылымдардан кылымдарга улансын” жана  5-март Ак калпак күнүнө карата “Калпак кыргыздын улуттук дөөлөттөрүнүн көрөнгөсү” деген темаларда куратордук сабактарды офлайн түрүндө өтүштү. Медициналык колледжинде окуган жигиттер арасында  Ак калпак майрамы  жогорку  денгээлде  өткөрүлдү.  Куратордук сабактарга видеороликтер жасалып фейзбук, истаграм социалдык баракчаларына жүктөлдү.  Иш-чараларды медициналык колледжинин директордун табия иштер боюнча орун басары Г.Темирбаева жана жаштар комитети тарабынан уюштурулуп өткөрүлдү.

  • КАЛПАК   КЫРГЫЗДЫН   УЛУТТУК   ДӨӨЛӨТТӨРҮНҮН  КӨРӨНГӨСҮ
  • КАЛПАК   КЫРГЫЗДЫН   УЛУТТУК   ДӨӨЛӨТТӨРҮНҮН  КӨРӨНГӨСҮ
  • КАЛПАК   КЫРГЫЗДЫН   УЛУТТУК   ДӨӨЛӨТТӨРҮНҮН  КӨРӨНГӨСҮ
  • КАЛПАК   КЫРГЫЗДЫН   УЛУТТУК   ДӨӨЛӨТТӨРҮНҮН  КӨРӨНГӨСҮ