AVN

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ТУУСУ ЖАНА АК КАЛПАК-УЛУТТУН ЖҮЗҮ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ТУУСУ ЖАНА АК КАЛПАК-УЛУТТУН ЖҮЗҮ
 Mar 9, 2021  684

Кыргыз Республикасынын  Туу күнү  жана 5-март  Ак калпак  күнүнө карата Табигый-техникалык факультетинин “Биология” кафедрасында “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусу жана Ак калпак-улуттун жүзү”  аттуу аталыштагы  иш-чара болуп өттү.
Мындай маалыматты аталган “Биология” кафедрасынын башчысы б.и.к., доцент А.Асанова  билдирди. Анын айтымында Биология кафедрасында өткөрүлгөн Табигый-техникалык факультетинин деканы жана Медицина факультетинин деканы  жана  ТТФ кесиптик кошундар комитетинин төрагасы конокто болуп  мамлекеттүүлүгүбүздүн белгиси болгон Тууну ыйык тутуп жана көздүн карегиндей сактоо парзы  ар бир кыргыз элинин  жүрөгүндө болушун баяндап беришти. Биология адистигинде окуп жаткан студенттери тарабынан  туу жөнүндө докладар окулуп,  каалоо тилектер айтылып,  теманын үстүндө окуяларды сахналаштырды. Бул иш-чараны Биология кафедрасынын  окутуучулары  К.Камчыбекова жана
А. Омошовалардын  уюштуруусу менен өткөрүлдү.

Табигый-техникалык факультетинин деканы, тех.и.к., доценти Жакып Бакирович иш-чараны ачып берүү менен  иш-чараны уюштуруп жаткан профессор-окутуучулук курамды жана студенттерди Туу жана Ак калпак күнү менен куттуктады.

         Медицина факультетинин деканы б.и.к., доцент Нурдинов Шамшы Шамидинович иш-чаранын жогорку деңгээлде өткөндүгүн белгилеп, профессор-окутуучулук  курамга жана студенттерге ыраазычылык билдирди.

  • КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ТУУСУ ЖАНА АК КАЛПАК-УЛУТТУН ЖҮЗҮ