AVN







КУРГАК УЧУККА КАРШЫ БИР АЙЛЫК

КУРГАК УЧУККА КАРШЫ БИР АЙЛЫК
 Mar 5, 2021  701

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медпунктунун кызматкерлери кургак учуктун алдын алуу жана оорулууларды дискриминациялоо боюнча уюшулган тегерек столго катышышты.

Тегекрек стол Кызыл ай коому тарабынан 24-март Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата өткөрүлдү. Анда кургак учукту жайылтпоонун тегерегинде адистер тарабынан маалыматтар айтылып, талкуу жүрдү.

 ЖАМУнун медпунктунун дарыгери Нурсулуу Ибрагимованын айтымында, тегерек столдо кургак учукка каршы бир айлык акция уюшулуп, ар бир ишкананын иш-пландары айтылган. “ЖАМУ бир айлык акциянын алкагында иш планынын негизинде, профессордук-окутуучулук курам жана студенттердин катышуусу менен кургак учук оорусун алдын алуу жана аны эртерээк аныктоо боюнча көрсөтмө куралдарды колдонуу менен конференция, тегерек стол, семинарлар окуу жай тарабынан бир ай бою уюштурулат” – дейт Н. Ибрагимова.

  • КУРГАК УЧУККА КАРШЫ БИР АЙЛЫК
  • КУРГАК УЧУККА КАРШЫ БИР АЙЛЫК
  • КУРГАК УЧУККА КАРШЫ БИР АЙЛЫК
  • КУРГАК УЧУККА КАРШЫ БИР АЙЛЫК
  • КУРГАК УЧУККА КАРШЫ БИР АЙЛЫК