AVN







ЭЛДИН ӨМҮРҮ – АНЫН ТИЛИНДЕ

ЭЛДИН ӨМҮРҮ – АНЫН ТИЛИНДЕ
 Mar 5, 2021  718

Тил жоголбойт,
Жоголсо, жоголот дил.
Уулуңдагы, кызың да жоголот, бил!
Тил жоголбойт, жоголсо айланасың,
Колу-бутсуз мунжуга тоголок бир!

“21-февраль-Бүткүл дүйнөлүк Эл аралыкЭне-тил күнүнө” карата ЖАКтын Чет тили адистигинин Атк-2-19 жана Атк-01-20 тайпаларынын студенттери «Элдин өмүрү- анын тилинде» - деген темада иш-чара уюштурушуп, төмөндөгүдөй  программалардын негизинде өткөрүштү.

Саламдашуу (4 тилде)

Жеке номер

Көркөм окуу

Манас айтуу (4 тилде)

Студенттер кыргыз, орус, англис, немец, кытай тилдеринде саламдашуу айтышып, түрдүү улуттун түрдүү тилдерин данктап көркөм окуу аткарышып, манасты да 4 тилде айтканга жетишишти. Биздин студенттер өздөрүнүн таланттарын көрсөтүшүп, жеке номерлерди жогорку денгээлде чеберчилик менен аткарышты.  Чет тили окутуучулары Шабаева Элнура, Абдыканова Гүлжан, Мурзалиева Мунара жана Сыдыкова Жумагул даярдашып,  zoom порталында иш-чараны уюштурушту.

Бул иш чара менен бирге эле, кураторлор ар бир тайпага «Хусеин Карасаевге 120 жыл» -деген темада куратордук сабактарды өтүштү. Белгилүү инсандын баскан жолун баяндаган видеороликтер жасалып, ютуб,ЖАМУнун жана ЖАКтын сайттарына жүктөлдү.

  • ЭЛДИН ӨМҮРҮ – АНЫН ТИЛИНДЕ
  • ЭЛДИН ӨМҮРҮ – АНЫН ТИЛИНДЕ