AVN

БАШЫНДАГЫ КАЛПАГЫНА КАРАП ЖАШЫН АЙЫРМАЛАГАН

БАШЫНДАГЫ КАЛПАГЫНА КАРАП ЖАШЫН АЙЫРМАЛАГАН
 Mar 5, 2021  646

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетиндеги профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы “Философия жана гуманитардык илимдер” кафедрасынын профессордук окутуучулук курамы, кафедра башчы Г.Т.Токтогулова жана социалдык иш багытынын студенттери менен биргеликте "Кыргыз мамлекетинин улуттук символикалары" аталышында тарбиялык-онлайн лекция окулду.

Лекцияны кафедранын окутуучусу Ж.Б.Бектурсунов Кыргызстандын желегинин тарыхы боюнча эле эмес  философиясы тууралуу маалымат берди. Биздин милдет – мамлекеттин символикаларынын маани-маңызын терең билүү менен, мамлекетибизди көздүн карегиндей сактоо, келечек муунга көз карандысыз эгемендүү мамлекетти өткөрүп беришибиз керек деди. Ошондой эле "Ак калпак" тарыхына токтолду. Кыргыз маданиятында ак калпак эң демократиялуу баш кийим болгонун жана аны бардык кыргыздын мырзалары - бай-манаптан баштап кедей-кембагалдары, жашы, карысы кийишкенин айтып өттү. Калпак формасы жана түстөрү менен гана айырмаланып турган. Мисалы, калпагына карап, конокту төргө карай өткөрүп, кээде эт тартканда, тааныбаган адамдарга баш кийимине жараша устукан тарткан. Ак калпакты айкөл, калыс, адилеттүү, акылман адамдар кийишкен. Даражалуу адамдардын кадыр-даражасы канчалык экенин калпактын кыюуусуна салынган оюу, ошол оюулардын арасына кыстырыла кеткен асыл таштар айкындап турган деп тарыхий ары мазмундуу баяндама жасады.

         Студенттер активдүү катышышты, алар үчүн абдан керектүү маалымат болду, алар өздөрүн кызыктырган суроолорго окутуучулардан жооп алышып, өз-ара абдан кызуу талкуу болду, жыйынтыгында катышуучулар тарабынан бир топ сунуш-пикирлер айтылды.

  • БАШЫНДАГЫ КАЛПАГЫНА КАРАП ЖАШЫН АЙЫРМАЛАГАН