AVN







МАМЛЕКЕТТИК ПРАКТИКАГА ЖӨНӨТҮҮ

МАМЛЕКЕТТИК ПРАКТИКАГА ЖӨНӨТҮҮ
 Mar 4, 2021  486

Б.Осмонов атындагы Жалал - Абад мамлекттик университетине караштуу  Жалал - Абад колледжинин Педагогикалык жана социалдык иштер бөлүмүнүн мектепке чейинки билим берүү адистигинин бүтүрүүчү курсунун студенттери мамлекеттик практикага жөнөтүлдү.

Мамлекттик практикага жөнөтүү үчүн атайын конференция өткөрүлдү. Ага ЖАМУнун практика жана карьера бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Жолдошалиева Нурия жана коллеждин практика жетекчилери, студенттер катышты.

Конференцияда студенттерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эрежелерди сактоо эскертилди.

Ошондой эле практикага чыгуу менен алар теориялык алган билимин практика жүзүндө колдонушуп, билимдерин дагы да тереңдете алышат. Андан сырткары кесипкөй адис катары калыптануусуна жол ачылат – дешет практика жетекчилери.