AVN







САЯСИЙ РАДИКАЛИЗМ- САЯСАТ ТААНУУНУН ОБЬЕКТИСИ

САЯСИЙ РАДИКАЛИЗМ- САЯСАТ ТААНУУНУН ОБЬЕКТИСИ
 Mar 3, 2021  520

Кыргыз Республикасынын  Жалал-Абад шаардык мэриясынын 2021-жылдын 29-январындагы №07-03/1ДСП келген катына ылайык Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медициналык колледжинин студенттерине терроризм жана диний экстремизмдин алдын алуу  жана ага каршы күрөшүү максатында лекциялык сабак уюштурулду.

Медициналык колледжинин директору, доцент А.Д.Эгембердиева студенттерге лекторлорду тааныштырып өттү. ЖАМУнун ПМТФнын “Профессор Ш.М.Ниязалиев атындагы философия жана гуманитардык илимдер” кафедрасынын кафедра башчысы, ф.и.к., доцент Токтогулова Гүлжамал  “Калк жана жаштар арасындагы терроризм жана экстремизм профилактикасы” деген темада, кафедранын улук окутуучусу Мамытов Марат “Саясий радикализм- саясат таануунун обьектиси” деген темаларда студенттерге лекция окушту.

Лекциянын жыйынтыгында студенттер өздөрүнүн  кызыккан суроолорун беришип, лекциялык сабак өтө кызыктуу өттү. Лекциялык сабак медициналык колледжинин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Г.И.Темирбаева жана жаштар комитети тарабынан демилгеленип, уюштурулган.

  • САЯСИЙ РАДИКАЛИЗМ- САЯСАТ ТААНУУНУН ОБЬЕКТИСИ
  • САЯСИЙ РАДИКАЛИЗМ- САЯСАТ ТААНУУНУН ОБЬЕКТИСИ